+ -

عن عُثْمَانَ بْنَ أَبِي الْعَاصِ رضي الله عنه:
أنه أَتَى النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّ الشَّيْطَانَ قَدْ حَالَ بَيْنِي وَبَيْنَ صَلَاتِي وَقِرَاءَتِي يَلْبِسُهَا عَلَيَّ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «ذَاكَ شَيْطَانٌ يُقَالُ لَهُ خِنْزَِبٌ، فَإِذَا أَحْسَسْتَهُ فَتَعَوَّذْ بِاللهِ مِنْهُ، وَاتْفُلْ عَلَى يَسَارِكَ ثَلَاثًا»، قَالَ: فَفَعَلْتُ ذَلِكَ فَأَذْهَبَهُ اللهُ عَنِّي.

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, риваят кылат:
Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Усман бин Абу аль-Аас, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намаз окуп жатканымда шайтан азгырып мени хушуу (11) менен окуудан тосуп жатат. Мен Куран окуп жатканымда чаташтырып, күмөнгө салып жатат." - деп айтты. Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага мындай деди:" Бул Ханзаб деген шайтан. Эгерде муну билип, сезсең, анда Аллахтан коргоо суран, Аллахтан андан коргоо сура жана сол тарабыңа үч жолу аз шилекейиң менен түкүрүп жибер. Усман айтты: Ошентип, мен Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, эмнени буйруса, ошону аткардым. Ошондуктан Аллах аны менден кетирди.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Намазды кичи пейилдик менен окуу жана жүрөктү намаз окууга даярдоо маанилүү. Шайтан намазда ага калакат берүүгө жана шек салууга аракет кылат.
  2. Шайтан намазда азгырганда, сол жагына үч жолу түкүрүп, Аллахтын шайтандан коргоосун суроо сооптуу.
  3. Сахабалар, радыяллаху анхум, өздөрүнүн арасында болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, кайрылышканын баяндалды.
  4. Сахабалардын жүрөктөрүнүн жашоосу жана алардын акыретке кам көрүүсү баяндалды.