+ -

عَنْ أَبِي أُمَامَةَ الْبَاهِلِيِّ رضي الله عنه قَالَ:
جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: أَرَأَيْتَ رَجُلًا غَزَا يَلْتَمِسُ الْأَجْرَ وَالذِّكْرَ، مَا لَهُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا شَيْءَ لَهُ» فَأَعَادَهَا ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، يَقُولُ لَهُ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا شَيْءَ لَهُ» ثُمَّ قَالَ: «إِنَّ اللَّهَ لَا يَقْبَلُ مِنَ الْعَمَلِ إِلَّا مَا كَانَ لَهُ خَالِصًا، وَابْتُغِيَ بِهِ وَجْهُهُ»

[صحيح] - [رواه النسائي] - [سنن النسائي: 3140]
المزيــد ...

Абу Умама Баахилий (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Мен соопту да, атакты да үмүт кылып казатка чыккан кишини көрдүм. Ага сооп берилеби?" - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Ага эч нерсе берилбейт" - деди. Тиги киши суроосун үч жолу кайталады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага: "Ага эч нерсе берилбейт" - деп, анан: "Аллах Таала калыс Өзү үчүн жана Өзүнүн ыраазылыгы үчүн аткарылган амалдарды гана кабыл кылат" - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - - [Сунан ан-Насааи - 3140]

Түшүндүрмө

Аллахтан сооп-сый талап кылып ошол эле учурда элден мактоо, атак-даңк үмүт кылып казатка чыккан кишинин өкүмү кандай болорун суроо үчүн бир киши пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип ошол адам сооп-сыйга татыктуу болобу деп сурайт. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андай адамга эч кандай сооп берилбейт, анткени ал ниетинде Аллахка башка нерсени шерик кылды деп жооп берет. Суроо берген киши суроосун үч жолу кайталайт. Пайгамбарыбыз да баягы ага эч кандай сооп берилбейт деген жообун кайталап айтат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын алдында амалдардын кабыл болуу эрежесин эскертип: Аллах Таала баары Анын Өзү үчүн аткарылган, эч кандай башка ниет аралашпаган, Аллахтын ыраазылыгы көздөлгөн амалдарды гана кабыл кыларын айтат.

Котормо: Урдуча Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Таала калыс Өзү үчүн жана пайгамбардын сүннөт жолу менен аткарылган амалдарды гана кабыл кылат.
  2. Суроочунун билгиси келген максатынан ашыгы менен жооп берүү фатва берүүчүнүн эң мыкты жообу болуп эсептелет.
  3. Иштин маанилүү экенин суроону кайталоо аркылуу билдирсе болот.
  4. Чыныгы мужахид (казат кылуучу) - кайсы бир дүйнөлүк максатта эмес, Аллахтын сөзү бийик болуусу үчүн, акыретине сооп талап кылып калыс ниети менен казатка чыккан адам.
Дагы...