+ -

عَنِ الْعَبَّاسِ بْنِ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ رضي الله عنه أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، يَقُولُ:
«ذَاقَ طَعْمَ الْإِيمَانِ مَنْ رَضِيَ بِاللهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ رَسُولًا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 34]
المزيــد ...

Аббас бин Абдулмуталиб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын укканмын:
“Кимде-ким Аллах Тааланы Раббим деп, Исламды диним деп жана Мухаммадды пайгамбарым деп ыраазы болсо, ыймандын даамын татат"

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 34]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: Ыйманында чынчыл, ыйманы жүрөгүндө бейпилдик тапкан ыймандуу адам ушул үч ишке ыраазы болсо, жүрөгү менен тынчтыкты, кенендикти, кубанычты, Аллахка жакындыгынын даамын сезет:
Биринчиси: Аллахтын Рабби экенине ыраазы болсо. Мында Аллахтын Раббилик тарабынан берилген ырыскыларга жана ар кандай абалдарга көкүрөгү кеңейип ыраазы болот. Жүрөгүндө ага каршы эч нерсени сезбейт жана Аллахтан башка нерсени Рабби кылып албайт.
Экинчиси: Исламдын дин болгонуна ыраазы болуу. Мында Исламдын моюнга жүктөгөн буйруктарына жана ваажыбдарына жүрөгү менен ыраазы болуп, Исламдын жолунан башка жолго ыраазы болбойт.
Үчүнчүсү: Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) элчи болгонуна ыраазы болуу. Мында пайгамбарыбыз алып келген динге шек-күмөнсүз ишенип, ага кубанып жана ыраазы болот. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан башка жолго түшпөйт.

Котормо: Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жеп, ичилген нерселердин тилге сезиле турган даамы болгон сыяктуу, ыймандын да жүрөккө гана сезиле турган даамы бар.
  2. Жеп, ичилген нерселердин даамын оорудан таза дене гана сезе алат. Ошол сыяктуу жүрөк да напси каалоолорунан, кумар азгырыктарынан таза болсо, ыймандын даамын сезе алат. Эгер жүрөк "оорулуу" болсо, ыймандын даамын сезбейт. Тескерисинче, аны өлтүрө турган күнөөлөр жана напси каалоолорду өзүнө адал кылып сиңирип алат.
  3. Эгерде инсан кайсы бир ишке ыраазы болсо жана аны жакшы кылса, ал ага жеңил болот, аны аткарууда эч кандай машакатты сезбейт. Ал иши үчүн кубанычта болот. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адамдын жүрөгүнө ыйман отурукташса, ага Раббисине таат-ибадат кылуу жеңил болот. Напсиси ыраазы болот, сыноолор ага оордук жаратпайт.
  4. Ибн Каййум минтип айткан: Бул хадис Аллах Тааланын рубубиятына да, улухиятына да ыраазы болууну, ошондой эле Анын элчисине да ыраазы болуп, аны ээрчүүнү, динине ыраазы болуп, ага берилүүнү ичине камтыган хадис.
Дагы...