+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو رضي الله عنهما قال: قال رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«أَرْبَعٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ كَانَ مُنَافِقًا خَالِصًا، وَمَنْ كَانَتْ فِيهِ خَلَّةٌ مِنْهُنَّ كَانَتْ فِيهِ خَلَّةٌ مِنْ نِفَاقٍ حَتَّى يَدَعَهَا: إِذَا حَدَّثَ كَذَبَ، وَإِذَا عَاهَدَ غَدَرَ، وَإِذَا وَعَدَ أَخْلَفَ، وَإِذَا خَاصَمَ فَجَرَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 58]
المزيــد ...

Абдуллах бин Амир (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
“Төмөнкү төрт түрдүү жорук кимде болсо, ал анык эки жүздүү болот. Ал эми кимде бул жоруктардын бири болсо, андан арылмайынча экүү жүздүүлүктүн бир белгиси бар болот. Алар: аманат берилсе, ага кыянаттык кылат; Сүйлөсө жалган сүйлөйт; Убада берсе, сөзүндө турбайт жана талашып-тартышса, аша чаап кетет”

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 58]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төрт иштен тыйып, катуу эскерткен. Эгер бул төрт иш бир адамда топтолсо, ал анык мунафыктарга окшойт. Бул ошол төрт ишти көп учурда аткарган адамга тиешелүү. Ал эми бул иштердин кээ бирин гана кылган адам буга кирбейт.
Биринчиси: Сүйлөгөндө жалганга таянып сүйлөйт, сөзүндө чындыгы болбойт.
Экинчиси: Келишим кылса, анын өтөөсүнө чыкпайт, келишим кылган адамга кыянат кылат.
Үчүнчүсү: Убада берсе, анысын аткарбайт, убадасынын тескерисин кылат.
Төртүнчүсү: Кимдир бирөө менен талашып-тартышса, сөзүн чындыкка чыгаруу үчүн чектен чыгып, акыйкаттан четтеп, батыл жалганды айтат.
Нифак, (эки жүздүүлүк) - ичиндеги нерсенин тескерисин ачыкка чыгаруу. Мына ушул маани жогорудагыдай адаттардан байкалат. Эки жүздүүлүгү сүйлөгөн адамдын акысына, убада берген адамдын акысына, келишим кылган адамдын акысына, талаш-тартыш кылган адамдын акысына кирет. Мындай адам каапырлыгын жашырып динин көрсөткөн анык мунафык эмес. Кимде ушул айтылган сыпаттар болсо, аны таштаганга чейин мунафыктыктын сыпатын көтөрүп жүргөн болот.

Котормо: Урдуча Индонезияча Сингалча Ветнамча Тагалогчо Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ушундай сыпаттарды өзүнө киргизип алуудан сак болууну эскертүү үчүн мунафыктыктын кээ бир белгилери айтылган.
  2. Хадистин максаты: Ушул сыпаттар нифактын сыпаттары, мындай сыпаттары бар адам бул сыпаттарда мунафыкка окшойт. Бирок ал каапырлыгын жашырып, динин ачыкка чыгарган анык мунафык эмес. Кимде мындай сыпаттары болсо, көбүнчө ишеними бузук болот.
  3. Ал-Газали минтип айткан: Диндарлыктын негизи үч нерсени ичине алат: сөз, иш, ниет. (Хадисте) сөздүн бузулушу жалганчылык менен болорун, иштин бузулушу кыянаттык менен болору, ниеттин бузулуусу анын тескерисин кылуу менен болорун эскерткен. Анткени убадага тескери иш кылуу чындап ошондой кылууну ниеттенгенде гана абийирсиз иш болуп эсептелет. Ал эми башында убаданы аткарууну ниет кылып, кийин аны кандайдыр бир тоскоолдук тосуп калса, же ага башка бир ой келип убадасын аткара албай калса, андай адамда мунафыктын белгиси болбойт.
  4. Нифак эки түрдүү болот: Ишенимдеги нифак, бул адамды динден чыгарат. Мында адам каапырлыгын жашырып, жалган динин ачык кылат. Экинчиси, амалдагы нифак, бул кулк-мүнөзүндө мунафыктарга окшошуу. Бул нифак адамды динден чыгарбайт. Анткен менен чоң күнөөлөрдүн бири болуп саналат.
  5. Ибн Хажар минтип айткан: Кимде-ким жүрөгү менен ыйман келтирип, тили менен тастыктаса, бирок жогорудагы жоруктарды аткарса, мындай адамды каапыр жана тозокто түбөлүк кала турган мунафык деп өкүм чыгарууга болбойт. Бул бардык аалымдардын пикири.
  6. Ан-Навави минтип айткан: Аалымдардын бир тобу мындай деген: Хадистен максат, пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) заманындагы мунафыктарга тиешелүү, алар ыйманга келдик деп айтышат эле, бирок аны жалган айтышкан. Диндерин аманатка алып, бирок ага кыянат кылышкан. Дин ишинде жардам беребиз деп убада берип, бирок аны аткарышкан эмес. Ошондой эле талашып-тартышканда чектен чыгып кетишчү.
Дагы...