عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مِنْ حُسْنِ إِسْلَامِ المَرْءِ تَرْكُهُ مَا لَا يَعْنِيهِ».
[قال النووي: حديث حسن] - [رواه الترمذي وغيره] - [الأربعون النووية: 12]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Адам Исламды эң жакшы кармануусу - өзүнө тиешеси жок нерсеге кийлигишпегени".
[قال النووي: حديث حسن] - [رواه الترمذي وغيره] - [الأربعون النووية - 12]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдагы Исламдын эң жакшы белгиси жана анын ыйманынын толуктугу - анын өзүнө тиешеси жок, ага пайдасы да жок, аны кабатыр кылбай турган сөздөргө жана иштерге аралашпай, же дүйнө жана дин иштеринен ага байланышы жок нерселерге киришпегени экенин баяндаган. Тиешеси жок иштер менен алек болуу - анын өзүнө тиешелүү, өзү аткарышы зарыл болгон иштерден алаксытып же тескерисинче, сактана турган иштерге жакындатып коёт. Инсан кыямат күнү бул дүйнөдө кылган иштеринен суралат.