+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«‌إِنَّ ‌أَثْقَلَ صَلَاةٍ عَلَى الْمُنَافِقِينَ صَلَاةُ الْعِشَاءِ وَصَلَاةُ الْفَجْرِ، وَلَوْ يَعْلَمُونَ مَا فِيهِمَا لَأَتَوْهُمَا وَلَوْ حَبْوًا، وَلَقَدْ هَمَمْتُ أَنْ آمُرَ بِالصَّلَاةِ فَتُقَامَ، ثُمَّ آمُرَ رَجُلًا فَيُصَلِّيَ بِالنَّاسِ، ثُمَّ أَنْطَلِقَ مَعِي بِرِجَالٍ مَعَهُمْ حُزَمٌ مِنْ حَطَبٍ إِلَى قَوْمٍ لَا يَشْهَدُونَ الصَّلَاةَ، فَأُحَرِّقَ عَلَيْهِمْ بُيُوتَهُمْ بِالنَّارِ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:
"Мунафыктар үчүн эң оор намаз – куптан жана багымдат намаздары. Эгер алар ал намаздарда эмне бар экенин билишкенде, анда жөрмөлөп болсо да келишмек. Мен намаз окууга буйрук берип, намаз окулуп, бир кишини адамдарга имам болуп намаз окууга буюруп, анан мен отун көтөргөн кишилер менен намазга келбеген адамдарга барып алардын үйлөрүн өрттөөнү кааладым".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар берип жатат. Эгер алар мусулман жамааты менен болуудагы сооп-сыйлыктардын кадырын билишкенде, анда бала колу жана тизеси менен жөрмөлөгөндөй жөрмөлөп болсо да келишмек.
. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, намаз окууга буйрук кылып намаз окулуп, өзүнүн ордуна башка бирөөнү адамдарга имам болууга дайындап андан соң жамаат намазга келбеген эркектерге отун көтөргөн бирөө менен барып, алар жамаатка келбей оор күнөө кылышканы үчүн үйлөрүн өрттөп жиберүүнү каалады. Бирок ал муну кылган жок. Анткени үйлөрдө эч кандай күнөөсү жок аялдар, балдар жана башка үзүрлүү адамдар бар болчу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мечитте жамаат менен намаз окубай калуу коркунучтуу.
  2. Мүнафыктар ибадат кылышканда эл көрсүн жана атак-даңкты гана максат кылышкан. Ошондуктан адамдар аларды көргөндө гана намазга келишкен.
  3. Жамаат менен окулган куптан жана багымдат намаздарынын сообу чоң. Куптан жана багымдат намаздары жөрмөлөп болсо да барып жамаат менен окууга татыктуу.
  4. Куптан жана багымдат намаздарын жамаат менен окуу эки жүздүүлүктөн сактайт. Ал эми эки намазды жамаат менен окубоо мунафыктардын сыпаттарынан.
Дагы...