+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ:
كُنَّا مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، إِذْ سَمِعَ وَجْبَةً، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «تَدْرُونَ مَا هَذَا؟» قَالَ: قُلْنَا: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ، قَالَ: «هَذَا حَجَرٌ رُمِيَ بِهِ فِي النَّارِ مُنْذُ سَبْعِينَ خَرِيفًا، فَهُوَ يَهْوِي فِي النَّارِ الْآنَ حَتَّى انْتَهَى إِلَى قَعْرِهَا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2844]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен чогуу отурганбыз. Кокустан ал бир нерсенин катуу урунган добушун угуп: "Бул эмне экенин билесиңерби?" - деди. Биз: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дедик. Ал: "Бул жетимиш жыл мурда тозокко ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түштү" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2844]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандайдыр бир зат асмандан келип жерге түшкөндө чыккан үн сыяктуу катуу чыккан үндү угуп, жанындагы сахабалардан бул эмненин үнү экенин сурайт. Алар: Аллах жана Анын элчиси жакшы билет - дешет.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Силер уккан үн мындан жетимиш жыл мурда тозоктун кырынан ыргытылган таш, ал учуп барып тозоктун түбүнө азыр түшкөнүн силер уктуңар деди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Акырет күнүнө ийги иш-амалдарды кылып даярдануу жана тозоктон сактануу зарыл.
  2. Адамдын илими жетпеген нерсени Аллахка калтырганы жакшы.
  3. Айткан сөзү түшүнүктүү болуусу үчүн мугалим угуучулардын көңүлүн, назарын өзүнө буруп алуусу керек.
Дагы...