عن ابن مسعود رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم:
«الْجَنَّةُ أَقْرَبُ إِلَى أَحَدِكُمْ مِنْ شِرَاكِ نَعْلِهِ، وَالنَّارُ مِثْلُ ذَلِكَ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 6488]
المزيــد ...

Ибн Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан да жакыныраак жана тозок да ошол сыяктуу».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 6488]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейиш менен тозок бутка байланган боо сыяктуу адамга өтө жакын экендигин кабар берди. Анткени адам баласы бир ибадатты Аллахтын ыраазылыгы үчүн аткарып, ошол себептен бейишке кирүүсү мүмкүн же бир күнөө себептен тозокко түшүүсү мүмкүн.

Хадистин пайдалары

  1. Жакшылык аз болсо да ага кызыктыруу жана жамандык аз болсо да андан алыстоого үндөө керек.
  2. Мусулман бул жашоосунда үмүт менен коркуунун ортосунда жашоосу зарыл. Ошондой эле өзүнө ишенип текеберленип кетпештиги үчүн Аллахтан дуба кылып туура жолдо бекем кылуусун сурануусу зарыл.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)
Дагы...