+ -

عن عائشة رضي الله عنها قالت: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«السِّوَاكُ مَطْهَرَةٌ لِلْفَمِ، مَرْضَاةٌ لِلرَّبِّ».

[صحيح] - [رواه النسائي وأحمد] - [مسند أحمد: 24203]
المزيــد ...

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Мисвак колдонуу оозду тазартат жана Раббимдин ыраазылыгына жеткирет».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ан-Насааи жана Ахмад жазып калтырган] - [Муснад Ахмад - 24203]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул хадисте аль-Арак дарагынын таякчасы, б.а. мисвак менен тишти тазалоону жана ал мисвак ооздон жагымсыз жыттарды кетире турганын бизге кабарлап жатат. Мисвак колдонуу Аллахтын пендесинен ыраазы болушунун себептеринин бири. Анткени пенде мисвакты Аллахка моюн сунганы үчүн жана Анын буйругуна жооп бергени үчүн колдонуп жатат. Жана аны колдонууда Аллах Таала сүйгөн тазалык бар.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче الأكانية Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мисвактын көп пайдасы бар жана Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, өз үммөтүн мисвакты көп колдонууга кызыктырып жатат.
  2. Арак дарагынын шактарынан жасалган мисвакты колдонуу жакшыраак. Бирок тиш щеткасын жана пастасын колдонуу мисвактын ордуна жарайт.