«Бир адам күнөө кылып: «Оо, Аллах! Менин күнөөмдү кечире көр» деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Андан кийин ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим! Менин күнөөмдү кечир» - деди. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деп айтты. Андан кийин ал адам кайра күнөө кылып: «Оо, Раббим, менин күнөөмдү кечир» - деп айтты. Ошондо Аллах Таала: «Менин пендем күнөө кылды. Ал күнөөлөрдү кечире турган жана күнөө үчүн азаптай турган Раббиси бар экенин билди» - деди да: «Каалаганыңды кыл, анткени Мен сени кечирдим» - деп айтты.*@
Кимде-ким: "Субханаллоохи ва бихамдихи" деп күнүнө жүз жолу айтса, күнөөлөрү деңиз толкунунун көбүгүндөй көп болсо да кечирилет
Кимде-ким: "Лаа илааха иллаллооху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку валахул хамду ва хува аълаа кулли шайин кодиир" деп он жолу айтса
Эгерде азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - десе, силер да: "Ашхаду ал-лаа илааха иллаллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - десе, силер да: "Ашхаду анна Мухаммадар-расуулуллах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алас-солаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Хаййя алаль-фалаах, хаййя алаль-фалаах" - десе, силер: "Лаа хаула уа лаа куввата илла бил-лаах" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - десе, силер да: "Аллаху акбар, Аллаху акбар" - деп айтсаңар, андан кийин азанчы: "Лаа иляха иллааллах" - десе, силер да: "Лаа иляха иллааллах" - деп чын жүрөктөн айтсаңар, анда Аллах силерди бейишке киргизет”. (7)
Мен силерге ишенбегеним үчүн касам ичтиргеним жок. Бирок мага Жебирейил келип, Аллах Таала периштелерге силерди мактап жатканын айтты" - деди
Мен сейил кылдырылган исра-мираж түнү Ибрахимге жолуктум. Ал мага: Оо, Мухаммед, үммөтүңө менден салам айт. Аларга айтып кой, бейиштин топурагы борпоң, суусу (тузсуз) таза
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: "Оо, Аллахтын Элчиси, мен намазда Куран окуп жатканымда шайтан аралашып, мени адаштырууга аракет кылып жатат" - деди. Ошондо Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Бул "Ханзаб" деп аталган шайтан. Эгерде аны сезсең, анда Аллахтан андан коргоо тилегин жана үч жолу сол тарабыңа түкүргүн". Усман бин Абу аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Ошондо мен ушундай кылдым, Аллах Таала аны менден кетирди".@*
Аллах Таала силерге да садакадай сооптуу иштерди бербеди беле? Ар бир тасби айтканыңар - садага, Ар бир такбир айтканыңар - садага. Ар бир мактоо айтканыңар - садага. Ар бир - тахлил айтканыңар - садага. Жакшылыкка чакырганыңар - садага, жамандыктан тыйганыңар да - садага. Атүгүл, аялдарыңарга жакындык кылганыңар да - садага" - деди