Категория:
+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بُسْرٍ رَضِيَ اللَّهِ عَنْهُ قَالَ: أَتَى النَّبِيَّ رَجُلٌ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ! إِنَّ شَرَائِعَ الإِسْلَامِ قَدْ كَثُرَتْ عَلَيْنَا، فَبَابٌ نَتَمَسَّكُ بِهِ جَامِعٌ؟ قَالَ:
«لاَ يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ». وفي رواية: مِنْ حَدِيثِ مُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ: آخِرُ مَا فَارَقْتُ عَلَيْهِ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنْ قُلْتُ: أَيُّ الأَعْمَالِ خَيْرٌ وَأَقْرَبُ إِلَى اللَّهِ؟ قَالَ: «أَنْ تَمُوتَ وَلِسَانُكَ رَطْبٌ مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ عَزَّ وَجَلَّ».

[صحيح] - [رواه أحمد والترمذي وابن ماجه وابن حبان] - [الأربعون النووية: 50]
المزيــد ...

Абдулла бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбызга бир киши келип: "О Аллахтын элчиси! Ислам шарияты (напил амалдар) бизге көптүк кылып жатат. Анын баарына татый турган дайыма аткарып жүрө турган амал барбы?" - деп сурады. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه أحمد والترمذي وابن ماجه وابن حبان] - [الأربعون النووية - 50]

Түшүндүрмө

Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Тааланы дайыма зикир кылуунун артыкчылыгы.
  2. Соопко жетүүнүн жолдорун жеңил кылганы Аллах Тааланын берешендигинен.
  3. Пенделердин жакшылыктагы насиптери да ар түрдүү болот.
  4. Аллах Таалага тасбих, мактоо, тахлил, такбир ж.б. зикирлерди ар дайым тил менен айтып, жүрөк менен тастыктоо башка көптөгөн напил ибадаттардын ордуна жүрөт.
  5. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар дайым өзүнө суроо бергендердин абалын эске алып, ар бирине шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берген.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...