Категория:
+ -

عَنِ النَّوَّاسِ بْنِ سِمْعَانَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«البِرُّ: حُسْنُ الخُلُقِ، وَالإِثْمُ مَا حَاكَ فِي صَدْرِكَ، وَكَرِهْتَ أَنْ يَطَّلِعَ عَلَيْهِ النَّاسُ». وَعَنْ وَابِصَةَ بْنِ مَعْبَدٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: أَتَيْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: «جِئْتَ تَسْأَلُ عَنِ البِرِّ وَالإِثْمِ»، قُلْتُ: نَعَمْ، قَالَ: «اسْتَفْتِ قَلْبَكَ، البِرُّ: مَا اطْمَأَنَّتْ إلَيْهِ النَّفْسُ، وَاطْمَأَنَّ إلَيْهِ القَلْبُ، وَالإِثْمُ: مَا حَاكَ فِي نَفْسِكَ وَتَرَدَّدَ فِي الصَّدْرِ، وَإِنْ أَفْتَاكَ النَّاسُ وَأَفْتَوْكَ».

[صحيح] - [الحديث الأول: رواه مسلم، والحديث الثاني: رواه أحمد والدارمي.] - [الأربعون النووية: 27]
المزيــد ...

Наваас бин Симаан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Жакшылык - бул жакшы адеп-ахлак. Күнөө - көкүрөгүңдү өйүгөн жана адамдар билүүсүн жек көргөн иштериң"

[Сахих (ишенимдүү)] - [الحديث الأول: رواه مسلم، والحديث الثاني: رواه أحمد والدارمي] - [الأربعون النووية - 27]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жакшылык жана күнөө тууралуу баяндоосуна ылайык, жакшылыктын эң негизги белгиси Аллахка такыба болгон жана калайыкка зыянын тийгизбеген жакшы ахлак, бул ачууланбоо, жүзү жарык, сылык сүйлөө, карым-катышта болуп, жумшак, кичи пейил, жакшы мамиле жана жакшы сүйлөшүү менен болот. Жакшылык - бул, напси жана жүрөк тынч алган иштер. Күнөө – жүрөктө тынчсыздануу жараткан, адамдын көкүрөгү бейпилдик таппаган күмөндүү иштер. Ал тууралуу шектенүү пайда болот жана бул иш күнөө болуп калышы мүмкүн деген коркунуч жүрөктө туулат. Ошондой эле адам аны эл алдында көрсөтүүнү каалабайт. Анткени адам табиятынан элге жакшы жагын гана көрсөткүсу келет. Эгер кылганын элге көрсөтүүнү жек көрсө демек, бул күнөө, анда эч жакшылык жок. Эгер бирөөлөр аны кылууга фатва берип жатса да, өзүңдө экиленүү болсо, алардын айтканын аткарба. Анткени туура илимге негизделбеген фатва күмөндү кетире албайт. (Күмөн анык болуп, фатва берген адам аны билбестен фатва бере бериши мүмкүн). А эгер фатва шарияттык далилге таянып чыгарылса, анда фатва алган адам, эгер көңүлу жай таппаса деле аны аткарса болот.

Хадистин пайдалары

  1. Хадис жакшы ахлакта болууга кызыктырат. Анткени, ахлактын жакшылыгы жакшылыктын эң негизги белгилеринин бири.
  2. Ыймандуу адам акыйкат менен жалганды аралаштырып, чаташтырбайт. Акыйкатты жүрөк нуру менен билет жана жалгандан качып, аны четке кагат.
  3. Күнөөнүн бир белгиси - жүрөктүн тынчсыздануусу жана ал ишин башкалардын көрүүсүн жактырбашы.
  4. Ас-Синди минтип айткан: бул (хадисте айтылган нерсе) — адамдар кайсы тарап туура экенин так билбей турган күмөндүү иштерге тиешелүү. Ал эми шариятта так буйрулган нерселер — эгер ага каршы эч кандай далил чыкпаса — бул жакшы амалдар болуп саналат. Ошондой эле шариятта так тыюу салынгандар — бул күнөөлөр болуп эсептелет. Мындай учурда жүрөктөн суроо же анын тынчтануусун издөө зарыл эмес.
  5. Бул хадисте кайрылып айтылып жаткан адамдар — табияты түз, фитраты таза болгон адамдар. Ал эми жүрөгү төңкөрүлүп, өзүнүн кумарына гана берилип калган, жакшылыкты жакшылык катары тааныбаган жана жамандыктан жийиркенбеген адамдарга бул тиешелүү эмес.
  6. Ат-Тийбий мындай деген: Хадистеги "бирр" (жакшылык) деген сөз бир канча мааниде чечмеленген. Кээ бир жерде напси жана жүрөк тынчтана турган деп айтылса, кээ биринде ыйман деп айтылган. Кээ биринде Аллахка жакындата турган нерсе деп айтылган. Бул жерде болсо жакшы ахлак деп чечмеленди. Ал эми жакшы ахлак деген: башкалардын ызасына сабыр кылуу, көп ачууланбоо, жарык маанайда болуу, сылык сүйлөө ж.б. Булардын баары мааниси жагынан жакын.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Литвача Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...