عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رضي الله عنها أَنَّهُ سَمِعَ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«إِذَا سَمِعْتُمُ الْمُؤَذِّنَ فَقُولُوا مِثْلَ مَا يَقُولُ، ثُمَّ صَلُّوا عَلَيَّ، فَإِنَّهُ مَنْ صَلَّى عَلَيَّ صَلَاةً صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ بِهَا عَشْرًا، ثُمَّ سَلُوا اللهَ لِيَ الْوَسِيلَةَ، فَإِنَّهَا مَنْزِلَةٌ فِي الْجَنَّةِ، لَا تَنْبَغِي إِلَّا لِعَبْدٍ مِنْ عِبَادِ اللهِ، وَأَرْجُو أَنْ أَكُونَ أَنَا هُوَ، فَمَنْ سَأَلَ لِيَ الْوَسِيلَةَ حَلَّتْ لَهُ الشَّفَاعَةُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 384]
المزيــد ...
Абдулла бин Амр бин Аль-Аас (Аллах ал экөөнөн ыраазы болсун) риваят кылган хадисте ал Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дегенин укту:
"Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 384]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким намазга азан айткан азанчыны укса, анын артынан кайталоону, бир гана эки хаяяа-аладан кийин башка сөздү айтууну үйрөткөн. Анткени эки хаяяа-аладан кийин мындай дейт: "Лаа хаула уа лаа куввата илли биллах". Анан азан айтылып бүткөндөн кийин Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтат. Анткени ким ага бир жолу салават айтса, анда Аллах ага ошол себептен он салават айтат. Аллахтын пендеге айткан салаватынын мааниси: Аллах Тааланын периштелердин алдында пендени мактоосу.
Андан кийин Пайгамбар(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн Аллахтан васила суроону буйруду. Ал бейиштеги улуу макам. Ал бейиштин эң бийик даражасы. Бул орун Аллах Тааланын бардык пенделеринен бир пендесине гана ылайыктуу. Ал менмин деп үмүттөнөм. Бирок Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны кичипейилдиктен айтты. Анткени бул жогорку даража бир гана адамга таандык болсо, анда ал бир адам андан башка эч ким боло албайт. Анткени, ал Пайгамбар адам затынын эң абзели.
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким Пайгамбар үчүн васила сурап дуба кылса, анда ал Пайгамбардын шапаатына ээ болот деп түшүндүрдү.