Хадистердин тизмеси

Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар
عربي Алглисче Урдуча
Аллах аны амалына карабай бейишке киргизет
عربي Алглисче Урдуча
?Кимде-ким кедейдин карызын төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, же карызынын баарын же бир бөлүгүн кечип салса, анда Аллах аны Кыямат күнү Өз Аршынын көлөкөсүндө башка эч кандай көлөкө жок болгон күнү көлөкө кылат
عربي Алглисче Урдуча
Раббиңерди ушул айды көрүп турган сыяктуу көрөсүңөр, Аны көрүүдө эч кыйналбайсыңар
عربي Алглисче Урдуча
?Бир кишиге менин бир хадисим жетсе, ал сөөрүсүндө жөлөнүп отуруп алып: «Силер менен биздин ортобузда Аллахтын Китеби
عربي Алглисче Урдуча
Аллах Кыямат күнү үммөтүмдөн бир адамды бардык адамдардын арасынан тандап алат. Анан токсон тогуз китепти көзгө көрүнгөн жерге чейин жайат. Ар бир китеп көзгө көрүнгөн жерге чейинки чоңдукта болот. Андан кийин мындай дейт: «Булардын кайсы бирин жокко чыгарасын? Менин сактоочу жазуучуларым сага зулумдук кылыштыбы? Ал: «Жок, Раббим» – дейт. Анан: "Сенин үзүрүң барбы?" - дейт. Ал: «Жок, Раббим» - дейт. Роббиси: «Бирок, Бизде сенин бир жакшылыгың бар» - дейт. Чындыгында, бүгүн сага эч кандай зулумдук кылынбайт. Ал китептин ичинен: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок экендигине күбөлүк берем жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экендигине күбөлүк берем» - деген жазуусу бар баракча чыгарылат. Роббиси: «Амал таразаны алып келгиле» дейт, анан: «Оо, Раббим! Бул баракча чоң китептердин алдында эмнеге жарайт? - дейт. Раббиси: «Силерге зулум кылынбайт» - деди. Андан кийин китептерди таразанын бир табагына салып, баракчаны таразанын экинчи табагына койгондо баракча китептерге басымдуу келет. Мына ошондуктан Аллахтын ысымы менен эч нерсе тең келбейт
عربي Алглисче Урдуча
?Аллах бейиш менен тозокту жаратканда Жебреил периштени бейишке жөнөтүп: «Бейишке көз салып көр, мен ал үчүн эмнелерди гана даярдаганымды кара» - деди. Жебреил периште бейишти көрүп чыгып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, аны ким гана уккан болсо, анда ага сөзсүз аракет кылып кирет" - деди. Ошондо Аллах бейишти кыйынчылыктар менен курчоого буйруду. Анан Жебреил периштеге: «Бейишке баргын да, бейишти жана Мен анда анын эли үчүн эмнелерди даярдап койгонумду карагын» - деп жөнөттү. Жебреил периште бейишке келип караса, анын айланасы кыйынчылыктар менен курчалган экен. Жебреил периште Раббисине келип мындай деп айтты: «Сенин кудуретиңе ант болсун, ага эч ким кире албайтко деп корктум». Аллах ага: «Сен баргын да, тозокту жана анын эли үчүн эмнени даярдап койгонумду көр» - деп буйруду. Периште тозокко барып караса, алар биринин алоолонгон отунан экинчисин оту өйдө болуп жанып жаткан экен, анан кайра кайтып келип: «Сенин улуулугуңа ант болсун, ага эч ким кирбейт» – деп айтат. Ошондо Аллах аны азгырыктар менен курчоого буйруйт. Анан Жебреилге: «Артка кайтып барып, аны кайрадан карагын» - деп кайра карап келүүгө буйруйт. Жебреил периште барып караса, анын айланасы азгырыктар менен курчалган болот. Ал Аллахка кайтып барып: «Сенин улуулугуңа ант болсун, мен андан эч ким кутула албайт деп коркуп турам» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү адамдар арасындагы иштерден эң биринчи териштириле турганы - кан жөнүндө болот
عربي Алглисче Урдуча
Бул экөө азапталып жатат. (Өздөрүнүн оюндагы) чоң эмес күнөө себептүү азапталып жатат. Экөөнүн бири заарасынан тазаланбайт эле. Ал эми экинчиси ушак-айың таратып басып жүрчү
عربي Алглисче Урдуча
Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт.
عربي Алглисче Урдуча
Мусулман кабырда суралганда: "Лаа илаха иллаллаху Мухаммад расулуллохи
عربي Алглисче Урдуча
Кыямат күнү пенде өмүрүн эмне менен өткөргөнү, илимин кандай пайдаланганы, мал-мүлкүн кайдан таап, кайда каржылаганы, дене-кубатын кандай иштеткени тууралуу суралмайынча анын кадамы жылбайт
عربي Алглисче Урдуча
Бул дин түндүн караңгылыгы менен күндүн нуру жеткен жердин баарына жетет. Аллах Таала бул динди киргизбеген же ылайдан салынган, же кийизден жасалган үй калбайт.
عربي Алглисче Урдуча
?Аллах ыймандуу адамдын жасаган жакшылыгынын сыйлыгын бербей коюп зулумдук кылбайт. Ага бул дүйнөдө жакшылыгын жана, акыретте болсо толук сооп-сыйлыгын берет. Ал эми каапыр болсо, бул дүйнөдө кудай деп кылган жакшылыктарына сыйлыгын алат. Ал эми акыретке барганда, ал эч бир жакшылыгынын сообун албайт
عربي Алглисче Урдуча
?Кыяматтын белгилери болгон кезде илим көтөрүлөт, наадандык көбөйөт, зина көбөйүп, арак көп ичилет. Эркектер азайып, аялдар көбөйөт. Камсыз кылган ар бир эркекке элүү аял туура келет
عربي Алглисче Урдуча
Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт
عربي Алглисче Урдуча
?Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат
عربي Алглисче Урдуча
Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Марямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат
عربي Алглисче Урдуча
?Күн батыштан чыкмайынча, Кыямат болбойт. Качан күн батыштан чыкканда аны адамдар көрүшүп баары ыйман келтиришет. Мына ошол ушул аятта айтылган убакыт: «Эгерде мурда ыйман келтирбеген болсо же ыйманы менен жакшылык таппаса, анда ал кезде анын ыйман келтиргени ага пайда бербейт». (Анаам, 158) Кыямат келгенде эки адам кийимдерин сатууга коюшат, бирок алар аны сата албай калышат жана кайра бүктөп ала алышпайт. Кыямат келгенде бир адам төөнүн сүтүн саап келет, бирок иче албай калат. Кыямат келгенде бир адам суу куйганы чуңкурун жасап чыгат, бирок ага суу толтура албай калат. Кыямат келгенде силерден бирөө тамагын оозуна алып барат, бирок аны жей албай калат
عربي Алглисче Урдуча
Убакыт тарымайынча кыямат кайым болбойт
عربي Алглисче Урдуча
Аллах жерди кармап, асмандарды түрүп, оң колуна алып, анан: "Мен - Падышамын, жердин падышалары кайда?!" - дейт
عربي Алглисче Урдуча
?Менин Хаудум бир айлык жолдун алыстыгындай чоң. Анын суусу сүттөн ак, жыты мисктен жыттуу. Анын идиштери асмандагы жылдыздардын санындай. Андан ичкен адам эч качан суусабайт
عربي Алглисче Урдуча
?Силер мага келгениңерге чейин мен силерди Хаудумдун алдынан күтүп турам. Ошондо кээ бир адамдар мага жакын калганда жолдору жабылат. Мен: Оо, Раббим! Булар менден жана менин үммөтүмдөн деп айтам. Анда: «Сенден кийин алардын эмне кылгандарын билесиңби?. Аллахка ант болсун! Алар артка кайтып кетишкен» - деп айтылат
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
?Өлүм ала түстүү кочкордун кейпиндей болуп алып келинет. Ошондо бир чакыруучу: «Эй, бейиш ээлери» - деп чакырат. Алар баштарын көтөрүп карап калышат. Ошондо ал: «Силер муну билесиңерби?» - дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Анан ал: «Эй, тозок ээлери» - деп чакырат. Алар баары баштарын көтөрүп карашат. Ал: «Силер муну тааныйсыңарбы?» дейт. Алар: «Ооба, бул өлүм» - дешет, аны баары көрүшөт. Ошондо аны союп: «Эй, бейиш ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» – деп айтат. Эй, тозок ээлери! Түбөлүкө каласыңар, өлүм жок» - деп бул аятты окуду: «Аларды зыянга учураган күн менен эскерткин. Алар капылет абалда болгон учурда Кыямат болот» (Мариям: 39) Дүйнө ээлери алар ушундай капылетте болушат. «Алар ыйман келтиришпейт» - деген аятты окуду.
عربي Алглисче Урдуча
Селердин күйгүзгөн отуңар – тозок отунун жетимиш бөлүгүнүн бири. Анда: «Оо, Аллахтын Элчиси! Бул дүйнөнүн оту болсо да жетиштүү болмок» - деп айтылды. Пайгамбар: «Тозоктун оту бул дүйнөнүн отунан алтымыш тогуз эсе ысык болду. Анын баары бул дүйнөнүн отунун ысыгындай ысык
عربي Алглисче Урдуча
?Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн
عربي Алглисче Урдуча
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир нерсени айтып: «Ал илим жок боло турган кезде болот» - деди. Мен айттым: «Оо, Аллахтын Элчиси, илим кандай жок болот. Биз Куран окуйбуз, балдарыбызга да окутабыз жана балдарыбыз да балдарына окутушат. Ушинтип Кыяматка чейин окубайбызбы?». Ал айтты: «Апаң сени жоготкур Зияд! Мен сени Мадинадагы илимдүү кишилерден деп билемин. Чындыгында, яхудийлер жана христиандар Тоорат менен Инжилди окушат эмесби, бирок андагы нерселердин бирин да аткарышпайт?!
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
عربي Алглисче Урдуча
Менин үммөтүмдүн акыркыларынан силер да, силердин атаңар да укпаган нерсени айта турган адамдар чыгат. Андыктан силер да алардан сак болгула
عربي Алглисче Урдуча
Эгер силер азанчыны уксаңар анын айтканын айткыла, андан соң мага салават айткыла. Анткени ким мага бир салават айтса, анда Аллах ал себептен ага он салават айтат. Андан кийин мага Аллахтан васила (10) сурагыла. Анткени ал васила бейиштеги улуу макам. Ал макам бир гана Аллахтын кулуна ылайыктуу. Ал мен болом деп үмүттөнөм. Ошондуктан ким мен үчүн васила сураса, ага шапаат уруксат болот
عربي Алглисче Урдуча