+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بن مسعودٍ رضي الله عنه قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«إِنَّ مِنْ شِرَارِ النَّاسِ مَنْ تُدْرِكُهُ السَّاعَةُ وَهُمْ أَحْيَاءٌ، وَمَنْ يَتَّخِذُ الْقُبُورَ مَسَاجِدَ».

[حسن] - [رواه أحمد]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Адамдардын эң жаманы - Кыямат кайым болгондо тирүү болгондор жана мүрзөлөрдү мечитке (ибадатканага) айландырып алгандар".

Хасан (жакшы) - Ахмад жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) адамдардын эң жамандары тууралуу айткан. Алар кыямат кайымдын болгонун көргөн адамдар. Ошондой эле мүрзөлөрдү мечит кылып, анын үстүндө же ага жүздөнүп намаз окугандар.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Кабыр үстүнө мечит куруу арам, тыюу салынган. Анткени, бул ширкке алып барат.
  2. Кабырда мечит жок болсо да намаз окуу арам, тыюу салынган. Анткени, мечит деген сөз сажда кылына турган жай дегенди билдирет, имарат жок болсо да сажда кылынган жер мечит болуп эсептелет.
  3. Салих адамдардын кабырларын анда намаз окуу үчүн мечит кылып алгандар - адамдардын эң жамандары. Алар мындай кылуудагы максаты Аллага жакындоо деп эсептешсе дагы.
Дагы...