عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَنْ دَعَا إِلَى هُدًى كَانَ لَهُ مِنَ الْأَجْرِ مِثْلُ أُجُورِ مَنْ تَبِعَهُ، لَا يَنْقُصُ ذَلِكَ مِنْ أُجُورِهِمْ شَيْئًا، وَمَنْ دَعَا إِلَى ضَلَالَةٍ كَانَ عَلَيْهِ مِنَ الْإِثْمِ مِثْلُ آثَامِ مَنْ تَبِعَهُ، لَا يَنْقُصُ ذَلِكَ مِنْ آثَامِهِمْ شَيْئًا».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2674]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ким туура жолго чакырса, ал аны ээрчиген адамдардай эле сооп алат, мындан тигилердин сообу да кемип калбайт . Ал эми ким адашууга чакырса, аны ээрчип адашкандардын күнөөсүндөй күнөөгө батат, мындан тигилердин күнөөсү да кемибейт".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2674]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Ким адамдарды туура жолго колу менен болобу, тили менен болобу багыт берип үндөсө, же кызыктырса, аны ээрчиген адамдар ала тургандай соопко ээ болорун, мындан ал көрсөткөн жолго түшкөндөрдүн сообу кемибестигин баяндап айткан. Ал эми ким адамдарды колу менен же тили менен, күнөөгө же адал эмес иштерге алып бара турган туура эмес жаман жолго багыт берип, жол көрсөтсө, аны ээрчиген адамдар ала тургандай күнөөгө ээ болот. Мындан ал көрсөткөн жолго түшүп алгандардын күнөөсү да кемибейт.