عَنْ عَائِشَةَ رضي الله عنها قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صلى الله عليه وسلم:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ فِيهِ فَهُوَ رَدٌّ» متفق عليه.
ولمسلم: «مَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат".
Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.