1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Артыкчылыктар жана адептер

Хадис Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын

عَنْ المِقْدَامِ بْنِ مَعْدِي كَرِبَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«مَا مَلأَ آدَمِيٌّ وِعَاءً شَرًّا مِنْ بَطْنٍ، بِحَسْبِ ابْنِ آدَمَ أَكَلاَتٌ يُقِمْنَ صُلْبَهُ، فَإِنْ كَانَ لَا مَحَالَةَ، فَثُلُثٌ لِطَعَامِهِ، وَثُلُثٌ لِشَرَابِهِ، وَثُلُثٌ لِنَفَسِهِ».

Микдад бин Маъди Кариб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Адам баласы толтура турган анын ашказанынан өткөн жаман идиш жок. Адам баласына анын дене-мүчөлөрүн кармап тургудай эле тамактанса жетиштүү. Эгер тоё жеш керек болсо, анда аш казанын үчкө бөлүп, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн суусундукка, бир бөлүгүн абага калтырсын".

Сахих (ишенимдүү) رواه الإمام أحمد والترمذي والنسائي وابن ماجه الأربعون النووية - 47

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) медицинадагы негизги нерселердин бирине багыттады. Бул аз тамактануу аркылуу ден соолукту сактоо. Адам иштерин жасаганга күч бере тургандай тамак жесе жетиштүү. Себеби адамдын тамакка толгон аш казаны эртедир-кечтир ачык же жашыруун көптөгөн ооруларга чалдыктырат. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эгер адам курсагын тойгузушу керек болсо, анда аш казандын бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүгүн сууга, бир бөлүгүн абага калтырышы керектигин айткан. Ошондо аш казан кысылбай, Аллах Таала буйруган дүйнө жана дин амалдарын аткарууга жеңил болот.

Хадистин пайдалары

  1. Өтө көп ичип-жебеш керек. Бул медицинанын усулдарын камтыган усул. Анткени, аша тоюп алуу бардык оору-сыркоолордун себеби.
  2. Тамактануунун максаты - ден-соолукту, күч-кубатты сактап, жакшы жашоо кечирүү.
  3. Аша тоюп алуу денеге да, динге да зыян. Умар (ага Аллах ыраазы болсун): "Ашыкча тоюп албагыла! Ашыкча тоюу - ден соолукту бузат жана намаздан жалкоолонтот".
  4. Тамактануу өкүм жагынан бир нече түргө бөлүнөт: Важыб – өмүрдү сактап калуучу өлчөмдө тамактануу; аны таштоо зыян алып келет. Жаиз (уруксат) – зарыл болгон өлчөмдөн ашыгыраак, бирок зыяны коркунуч жаратпаган өлчөмдө тамактануу. Макүрү – зыяны тийиши мүмкүн болгон өлчөмдө тамактануу. Харам – зыяны анык болгон нерселерди жеш. Мустахаб – Аллахка ибадат кылууга жана Ага баш ийүүгө күч берүүчү өлчөмдө тамактануу. Бул жыйынтык пайгамбарыбыз айткан хадисте үч деңгээл менен баяндалган: Биринчи даража: Ашказанды толтуруу. Экинчи даража: Белди тик кармап турууга жетерлик эле тамактануу. Үчүнчү даража: «Ашказандын үчтөн бир бөлүгүн тамакка, үчтөн бир бөлүгүн сууга, үчтөн бир бөлүгүн дем алууга бөлгүлө» деген насаат. Жогорудагынын баары адал тамакка тиешелүү.
  5. Бул хадис медицина эрежелеринин бирин камтыган хадис. Медицина илими үч негизге таянат: күчтү сактоо, зыяндан сактануу, денени таза тутуу. Хадис булардын абалкы экөөсүн айткан. Аллах Таала дагы Куранда мындай деген: "Жегиле, ичкиле, ысырап кылбагыла. Аллах ысырапкорлорду жакшы көрбөйт". (Аараф, 31-аят).
  6. Адамдын динин да, дүнүйөсүн да оңдоого кам көргөн Ислам шарияты кемчиликсиз, толук.
  7. Шарият илиминде медицинанын негизи жана түрлөрү да бар. Мисалы, бал, кара зире ж.б. жөнүндө айтылган.
  8. Шарият өкүмдөрүнүн ичинде көп даанышмандык бар, ал жамандыктын алдын алат, пайдалуу нерсени алып келет.

Котормолорду көрсөтүү

58 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو