+ -

عَن ابنِ عباسٍ رضي الله عنهما أنَّ رسولَ اللهِ صلي الله عليه وسلم قال:
«لَو يُعطَى النّاسُ بدَعواهُم لادَّعَى رِجالٌ أموالَ قَومٍ ودِماءَهُم، ولَكِنَّ البَيِّنَةَ على المُدَّعِى، واليَمينَ على مَن أنكَرَ».

[صحيح] - [رواه البيهقي] - [السنن الكبرى للبيهقي: 21243]
المزيــد ...

Ибн Аббас (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эгерде адамдарга доомат артканы бериле берсе, анда адамдар башкалардын мал-мүлк, кан-жанын доомат менен талап кыла бермек. Андыктан доомат кылган киши күбө-далил алып келиши керек. Ал эми дооматты четке каккан киши касам ичсе жетиштүү".

[Сахих (ишенимдүү)] - - [السنن الكبرى للبيهقي - 21243]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: эгерде адамдарга эч кандай күбө-далили жок эле алардын доомат кылган нерселери бериле берсе, анда алар башкалардын мал-мүлкүнө, кан-жанына доомат артып ала бермек. Ошон үчүн доомат кылган киши талап кылып жаткан нерсесине күбө-далил алып келиши керек. Эгер күбө-далил алып келе албаса, талаш доомат кылынып жаткан адамга каралат. Эгер ал аны четке какса, касам ичиши керек болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ибн Дакик ал-Айд айтат: "Бул хадис өкүм усулдарынын негизи жана талаш-тартыш жаралганда аны чечүүнүн эң негизги жолу".
  2. Шарият адамдардын мал-мүлк, кан-жанын талап-тоноо, алдамчылыктан сактоо үчүн келген.
  3. Казы өз билгенине таянып өкүм чыгарбайт, далилдерге таянып өкүм чыгарат.
  4. Далили жок доомат кылган адамдын сөзү четке кагылат. Мейли ал укук маселесинде болсун, мейли мамиледе болсун, мейли ыйман жана илим маселесинде болсун.
Дагы...