+ -

عن عمر بن الخطاب رضي الله عنه قال: إنه سمع نبي الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«لَو أَنَّكُمْ تَتَوَكَّلُونَ عَلَى اللهِ حَقَّ تَوَكُّلِهِ، لَرَزَقَكُمْ كَمَا يَرْزُقُ الطَّيْرَ، تَغْدُو خِمَاصًا وَتَرُوحُ بِطَانًا».

[صحيح] - [رواه الترمذي وابن ماجه وأحمد]
المزيــد ...

Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, риваят кылат. Ал Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай дегенин укту:
«Эгерде силер Аллахка чыныгы таваккүль (таянуу) кылганыңарда, Аллах силерге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыка ырыскы бергендей ырыскы бермек».

Сахих (ишенимдүү) - Ибн Маажа жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизди дүйнөлүк жана диний иштерде пайда алып келүү жана зыяндан сактануу үчүн Аллах Таалага таянууга үндөп жатат. Анткени Аруу Аллах Тааладан башка эч ким бере да албайт, тыйып да коё албайт жана зыян да, пайда да жеткире албайт. Качан биз пайда алып келе турган жана зыяндан сактай турган себептерди Аллахка чын ыкластан таянып аткарсак, анда Аллах бизге эртең менен курсагы ач чыгып, кечинде курсагы ток кайткан чымчыкка ырыскы бергендей ырыскы берип коёт. Чымчыктын бул кылганы - башкаларга таянбастан, жалкоолук кылбастан ырыскы издөөдөгү себептердин бир түрү.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Чыныгы таваккүль кылуунун пазилети. Чыныгы таваккүль кылуу ырыскы талап кылуудагы эң чоң себептердин бири.
  2. Тобокел кылуу менен себептерди аткаруу бири-бирине каршы келбейт. Анткени чыныгы тобокел кылуу эртең менен жана кечинде ырыскы издөөгө каршы келбестигин кабарланган.
  3. Жүрөктөрдүн амалдарына Ислам шарияты көңүл бурат. Анткени таваккүль кылуу – бул жүрөктүн амалы.
  4. Себептерге гана байлануу – анын дининин кемчилдиги. Ал эми себептерден баш тартуу – акылынын кемчилиги.
Дагы...