+ -

عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قالَ:
«لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ، حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 13]
المزيــد ...

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силердин эч кимиңер өзүнө жакшы көргөн нерсени диндеш боордошу үчүн да жакшы көрмөйүнчө ыйманы толук болбойт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 13]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адам дүйнө жана акыретке тиешелүү жакшылык иштерде, таат-ибадатта өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрмөйүнчө, өзүнө жек көргөндү ага да жек көрмөйүнчө ыйманы толук болбостугун айткан. Эгерде диндеш тууганынын дининде кемчилигин көрсө, аны оңдоого тырышат. Эгер жакшылыкты көрсө, аны улантууга жардам берет. Дүйнө ишинде да, акырет ишинде да насаатын айтып, кеңеш берип турат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мусулман адам өзүнө жакшы көргөндү диндеш тууганына да жакшы көрүүсү ваажыб. Өзүнө жакшы көргөндү башкаларга ыраа көрбөгөн адамдын ыйманы толук болбостугу мунун ваажыбдыгына далил.
  2. Диндеги боордоштук туугандыктагы боордоштуктан жогору турат. Анын акысы да маанилүүрөөк.
  3. Мындай жакшы көрүүнү жокко чыгара турган иштин баары, мисалы, алдамчылык, ушакчылык, көрө албастык, мусулмандын өзүнө, мал-мүлкүнө, абийирине шек келтирүү ж.б. арам болуп эсептелет.
  4. Ишти аткарууга шык берген сөздөрдү колдонууга болот. "Бир боордошуна" деп айткан сыяктуу.
  5. Кирмани (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: өзүнө жек көргөн жаман нерсени диндеш тууганына жек көрүү да ыймандуулуктан. Анткени бир нерсени жакшы көрүү анын тескерисин жек көрүүнү талап кылат.
Дагы...