Категория:
+ -

عَنْ أُمِّ المُؤْمِنِينَ أُمِّ عَبْدِ اللَّهِ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا، قَالَتْ: قَالَ: رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّم:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ». وَفِي رِوَايَةٍ لِمُسْلِمٍ: «مَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ».

[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية: 5]
المزيــد ...

Ыймандуулардын энеси Умму Абдулла Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат ".

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية - 5]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.

Хадистин пайдалары

  1. Ибадаттар Куран жана сүннөттө келген далилдерге карап дайындалган. Аллах Таалага Ал шарият кылган нерсе менен гана ибадат кылабыз, жаңы пайда болгон жана ойдон чыгарылган нерсе менен эмес.
  2. Дин оюна келгенди же көңүлүнө жакканды аткаруу менен болбойт, Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү менен болот.
  3. Бул хадис диндин толуктугуна далил.
  4. Динде жаңыдан пайда болгон, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын убагында болбогон акыйда ишенимге, сөзгө, амалга тиешелүү иштин баары - бидаат (диндеги жаңылык).
  5. Бул хадис Ислам негидеринин бири, бул амалдагы тараза сыяктуу. Аллахтын ыраазылыгы көздөлбөгөн бардык амалдар, аны аткаруучуга сооп болбойт. Ошондой эле Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген жолго дал келбесе, ал аткарган адамга кайра кайтарылат.
  6. Бул хадис азыркы тескери иштерди, жаңы пайда болгон бидаат амалдарды четке кага турган эреже.
  7. Жаңыдан пайда болгон тыюу салынган иштер динге гана тиешелүү, дүйнө иштерине тиешелүү эмес.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...