Категория:
+ -

عَنْ أَبِي عَبْدِ الرَّحْمَنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ:
حَدَّثَنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ الصَّادِقُ المَصْدُوقُ: «إِنَّ أَحَدَكُمْ يُجْمَعُ خَلْقُهُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِينَ يَوْمًا، ثُمَّ يَكُونُ عَلَقَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يَكُونُ مُضْغَةً مِثْلَ ذَلِكَ، ثُمَّ يُرْسَلُ إلَيْهِ المَلَكُ فَيَنْفُخُ فِيهِ الرُّوحَ، وَيُؤْمَرُ بِأَرْبَعِ كَلِمَاتٍ: بِكَتْبِ رِزْقِهِ، وَأَجَلِهِ، وَعَمَلِهِ، وَشَقِيٍّ أَوْ سَعِيدٍ؛ فَوَالَّذِي لَا إلَهَ غَيْرُهُ إنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الجَنَّةِ حَتَّى مَا يَكُونُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إلَّا ذِرَاعٌ فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ فَيَدْخُلُهَا، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ حَتَّى مَا يَكُونُ بَيْنَهُ وَبَيْنَهَا إلَّا ذِرَاعٌ، فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الجَنَّةِ فَيَدْخُلُهَا».

[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية: 4]
المزيــد ...

Абу Абдурахман Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Чынчылдыгы тастыкталган Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айткан: “Силердин энеңердин курсагындагы өрчүүңөр кырк күн (суу абалда) болот. Андан кийин дагы ошончо күн канга айланат. Андан кийин дагы ошончо күн бир тиштем этке айланат. Андан кийин периште жиберилип, ага жан үйлөйт. Ошондой эле (ал периште) төрт нерсени: баланын ырыскысын, ажалын, амалын, бактылуу же бактысыз болорун жазууга буйрулат. Андан башка ибадатка татыктуу кудай болбогон Аллага ант берип айтам, кээ бириң бейишке барчулардын иш-амалын кылып жүрүп, бейишке кирерине бир чыканактай калганда китебинде жазылганы ишке ашат да, тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып тозокко кирет. Кээ бириң тозокко кирчүлөрдүн иш-амалын кылып жүрүп, тозокко кирерине бир чыканактай калганда, китебинде жазылганы ишке ашат да бейишке кирчүлөрдүн иш-амалын кылып бейишке кирет”.

[Сахих (ишенимдүү)] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية - 4]

Түшүндүрмө

Ибн Масууд: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ал айтканында чынчыл жана тастыкталган» - деп айтты. Анткени ал Аллах Таала тарабынан тастыкталган эле. Пайгамбар айтты: «Силердин жаралууңар бир канча күндө бириктирилет». Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күндө жыйналат. Анан ал «Алака» болот. Ал коюу, катуу кан. бул экинчи кырк күндүк убакытта болот. Анан ал бир кесим эт айланат. Бул үчүнчү кырк күндүк убакытта болот. Андан кийин Аллах ага периштени жиберет. Ал периште үчүнчү кырк күндөн кийин ага рух үйлөйт. Периште төрт сөздү жазууга буйрулат: Анын ырыскысы. Ал бул жашоосунда канчалык өлчөмдө ала турган ырыскысы жазылат. Анын ажалы жана анын бул дүйнөдө жашай турган мөөнөтү жазылат. Ал эми анын иш-аракеттери жана анын кандай иш-аракет экендиги жазылат. Ошондой эле анын бактысыз же бактылуу экендиги жазылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ант ичип мындай деп айтты: «Бир адам бейиш ээлеринин амалдарын жасайт жана анын амалдары адамдарга салих амалдар болуп көрүнөт. Аны менен бейиштин ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ал жакшы амалдарды аткарып жүрөт». Ал менен Бейиштин ортосундагы бир чыканактай гана аралык калгандан кийин жазылган китеби жана белгиленген тагдыры ага үстөмдүк келип, ал тозок элинин амалын кылат жана ал амалдары анын жашоосундагы акыркы амалдары болуп тозокко кирет. Анткени, анын кылган иш-аракеттеринин кабыл болушунун шарты – аны туруктуу, өзгөртпөй аткарып жүрүүсү керек. Ал эми адамдардын кээ бирлери тозок ээлеринин амалдарын тозокко кирүүгө жакындаганга чейин аткарат жана тозок менен анын ортосунда чыканактай аралык калат. Ошондо жазылган китеби жана белгиленген тагдыры үстөмдүк кылат. Ошондо ал бейиш ээлеринин амалдарын жасап, бейишке кирет.

Хадистин пайдалары

  1. Инсандын жаралуу этаптары айтылган.
  2. Тагдыр жана жазмышка ыйман келтирүү зарыл.
  3. Бардык иш-аракеттердин акыры - башында тагдыр кылынганына жараша жана жазылган китеби боюнча өтөт.
  4. Иш-аракеттердин тышкы сүрөттөрүнө алданып калуудан эскертүү болду. Анткени иш-аракеттер акырына карап бааланат.
  5. ____
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Боснияча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...