+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ:
حَدَّثَنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ الصَّادِقُ المَصْدُوقُ: «أَنَّ خَلْقَ أَحَدِكُمْ يُجْمَعُ فِي بَطْنِ أُمِّهِ أَرْبَعِينَ يَوْمًا وَأَرْبَعِينَ لَيْلَةً، ثُمَّ يَكُونُ عَلَقَةً مِثْلَهُ، ثُمَّ يَكُونُ مُضْغَةً مِثْلَهُ، ثُمَّ يُبْعَثُ إِلَيْهِ المَلَكُ، فَيُؤْذَنُ بِأَرْبَعِ كَلِمَاتٍ، فَيَكْتُبُ: رِزْقَهُ وَأَجَلَهُ وَعَمَلَهُ وَشَقِيٌّ أَمْ سَعِيدٌ، ثُمَّ يَنْفُخُ فِيهِ الرُّوحَ، فَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ الجَنَّةِ حَتَّى لاَ يَكُونُ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ إِلَّا ذِرَاعٌ، فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ، فَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ فَيَدْخُلُ النَّارَ، وَإِنَّ أَحَدَكُمْ لَيَعْمَلُ بِعَمَلِ أَهْلِ النَّارِ حَتَّى مَا يَكُونُ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ إِلَّا ذِرَاعٌ، فَيَسْبِقُ عَلَيْهِ الكِتَابُ، فَيَعْمَلُ عَمَلَ أَهْلِ الجَنَّةِ فَيَدْخُلُهَا».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абдуллах ибну Масууд, радыяллаху анху, айтат:
«Чындыкты айткан жана айтканы тастыкталган Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындайча баяндап берди: «Чындыгында, силердин ар бириңер энесинин ичинде кырк күн тамчы түрүндө топтолот. Андан кийин ошончо убакытта уюган кан түрүндө болот. Андан кийин ошончо убакытта бир үзүм эт түрүндө болот. Андан кийин Аллах периштени жөнөтүп ага жан салынат. Андан кийин ал периште төрт нерсени жазууга буйрулат: анын ырыскысын, ажалын, кыла турган иш-аракеттерин, бактылуу же бактысыз болушун. Чындыгында, силерден бирөө бейиш менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча бейиш ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да тозок ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал тозокко кирет. Ошондой эле силерден бирөө тозок менен анын ортосунда бир чыканактай аралык калгыча тозок ээлеринин амалдарын кылат. Бирок анын жазылган китеби озуп кетет да бейиш ээлеренинин амалдарын кыла баштайт. Ошентип ал бейишке кирет».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Ибн Масууд: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ал айтканында чынчыл жана тастыкталган» - деп айтты. Анткени ал Аллах Таала тарабынан тастыкталган эле. Пайгамбар айтты: «Силердин жаралууңар бир канча күндө бириктирилет». Себеби эркек аялы менен жакындык кылса, анын чачылган уругу аялдын жатынында кырк күндө жыйналат. Анан ал «Алака» болот. Ал коюу, катуу кан. бул экинчи кырк күндүк убакытта болот. Анан ал бир кесим эт айланат. Бул үчүнчү кырк күндүк убакытта болот. Андан кийин Аллах ага периштени жиберет. Ал периште үчүнчү кырк күндөн кийин ага рух үйлөйт. Периште төрт сөздү жазууга буйрулат: Анын ырыскысы. Ал бул жашоосунда канчалык өлчөмдө ала турган ырыскысы жазылат. Анын ажалы жана анын бул дүйнөдө жашай турган мөөнөтү жазылат. Ал эми анын иш-аракеттери жана анын кандай иш-аракет экендиги жазылат. Ошондой эле анын бактысыз же бактылуу экендиги жазылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ант ичип мындай деп айтты: «Бир адам бейиш ээлеринин амалдарын жасайт жана анын амалдары адамдарга салих амалдар болуп көрүнөт. Аны менен бейиштин ортосунда бир чыканактай аралык калгыча ал жакшы амалдарды аткарып жүрөт». Ал менен Бейиштин ортосундагы бир чыканактай гана аралык калгандан кийин жазылган китеби жана белгиленген тагдыры ага үстөмдүк келип, ал тозок элинин амалын кылат жана ал амалдары анын жашоосундагы акыркы амалдары болуп тозокко кирет. Анткени, анын кылган иш-аракеттеринин кабыл болушунун шарты – аны туруктуу, өзгөртпөй аткарып жүрүүсү керек. Ал эми адамдардын кээ бирлери тозок ээлеринин амалдарын тозокко кирүүгө жакындаганга чейин аткарат жана тозок менен анын ортосунда чыканактай аралык калат. Ошондо жазылган китеби жана белгиленген тагдыры үстөмдүк кылат. Ошондо ал бейиш ээлеринин амалдарын жасап, бейишке кирет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бардык иш-аракеттердин акыры - башында тагдыр кылынганына жараша жана жазылган китеби боюнча өтөт.
  2. Иш-аракеттердин тышкы сүрөттөрүнө алданып калуудан эскертүү болду. Анткени иш-аракеттер акырына карап бааланат.
Дагы...