عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرِو بْنِ الْعَاصِ رضي الله عنهما قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«كَتَبَ اللهُ مَقَادِيرَ الْخَلَائِقِ قَبْلَ أَنْ يَخْلُقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِخَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ، قَالَ: وَعَرْشُهُ عَلَى الْمَاءِ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2653]
المزيــد ...
Абдуллах бин Амр бин аль-Аас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: «Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Аллах асмандар менен жерди жаратардан элүү миң жыл мурда бардык макулуктардын тагдырларын жазып койгон. Анан мындай деп айтты: Анын (Аллахтын) аршы суунун үстүндө болгон».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2653]
Аллах Таала бүткүл маклуктардын жашоо, өлүм, ырыскы ж.б.у.с тагдырлары боюнча эмне болоорун асмандарды жана жерди жаратардан элүү миң жыл мурда Лавхул-Махфуз китебинде майда-чүйдөсүнө чейин жазганын Пайгамбарыбыз кабарлайт. Ал нерселердин баары Аллах жазган тагдырдын нугунда гана жүрөт. Кандай гана нерсе болбосун - ал Аллахтын жазган тагдырдын негизинде болот. Адамга жеткен нерсе, андан башкага өтүп кетпейт. Андан өтүп кеткен нерсе, ага кайра жетпейт.