+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما قال:
كُنْتُ خَلْفَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمًا، فَقَالَ: «يَا غُلَامُ، إِنِّي أُعَلِّمُكَ كَلِمَاتٍ، احْفَظِ اللهَ يَحْفَظْكَ، احْفَظِ اللهَ تَجِدْهُ تُجَاهَكَ، إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلِ اللهَ، وَإِذَا اسْتَعَنْتَ فَاسْتَعِنْ بِاللهِ، وَاعْلَمْ أَنَّ الْأُمَّةَ لَوِ اجْتَمَعَتْ عَلَى أَنْ يَنْفَعُوكَ بِشَيْءٍ، لَمْ يَنْفَعُوكَ إِلَّا بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللهُ لَكَ، وَلَوِ اجْتَمَعُوا عَلَى أَنْ يَضُرُّوكَ بِشَيْءٍ، لَمْ يَضُرُّوكَ إِلَّا بِشَيْءٍ قَدْ كَتَبَهُ اللهُ عَلَيْكَ، رُفِعَتِ الْأَقْلَامُ وَجَفَّتِ الصُّحُفُ».

[صحيح] - [رواه الترمذي]
المزيــد ...

Ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты:
«Күндөрдүн биринде мен пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, артында учкашып бара жатсам ал мага мындай деп айтты: «Эй, бала! Мен сага ушундай сөздөрдү үйрөтөм: Аллахтын (шариятын) сакта! Аллах сени сактайт. Аллахтын (дайыма шариятын) сактап жүр! Мына ошондо Аллах сени бардык жакшылыктарга жолдогонун табасың. Эгерде сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. А эгер жардам сурай турган болсоң, анда Аллахтан сура. Билгиниң! Эгерде бүткүл үммөт сага пайда берүү үчүн бириксе да, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле үммөттүн бардыгы сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат. Калемдер көтөрүлгөн, барактар кургаган».

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Ибн Аббас, радыяллаху анху, ал жаш кезинде Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, артында учкашып бара жатканын кабарлап жатат. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Мен сага Аллах сага пайда бере турган иштерди жана нерселерди үйрөтөм» - деди.
Аллахтын буйруктарын аткаруу менен жана тыюу салган нерселериннен сактануу менен Аллахтын шариятын сакта. Ошондо сен Аллахты өзүңө жакын тутуп жатканыңда, Ага ибадат кылып жатканыңда табасын жана Андан баш тартканыңда, күнөө кылып жатканыңда Аны таппайсын. Эгер ушундай кылсаң, сага сыйлык - Аллах сени бул дүйнө жана акырет балээлеринен сактап, кайда барбагын зарыл иштериңде жардам берет.
А эгер бир нерсе сурагың келсе, анда Аллахтан гана сура, анткени сурагандарга Ал гана жооп берет.
А эгер жардам кааласаң, анда Аллахтан гана жардам сура.
Сенде ушундай ишенич болсун эгерде бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага пайда берүү үчүн бириксе да алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана пайда бере алышат. Ошондой эле бүткүл жер жүзүндөгү бардык адамдар сага зыян берүү үчүн бириксе, алар сага Аллах тагдырыңа жазганчалык гана зыян бере алышат.
Чындыгында, бул иш Аллах Таала тарабынан жазылган жана Анын даанышмандыгынын жана илиминин талабына ылайык тагдыр кылынган. Аллах жазып койгон нерседе эч кандай өзгөртүү болбойт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жаштарга жана жаш балдарга таухидти жана адеп-ахлакты ж.б. дин иштеринен окутуу зарыл.
  2. Иш-аракеттердин түрүнө жараша сооп-сыйлык болот же жаза болот.
  3. Иштер Аллахка таянуу менен жана Ага гана таваккүль кылуу менен болот. Ал эң жакшы Кепилдике Алуучу.
  4. Тагдырга жана тагдырдын ишке ашуусуна ыйман келтирүү жана ага ыраазы болуу. Чындыгында, Аллах Таала бардык нерсени тагдыр кылган.
  5. Ким Аллахтын буйругунда кемчилик кетирсе, анда Аллах аны адаштырат жана аны сактабайт.