+ -

عَنْ طَاوُسٍ أَنَّهُ قَالَ: أَدْرَكْتُ نَاسًا مِنْ أَصْحَابِ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، يَقُولُونَ كُلُّ شَيْءٍ بِقَدَرٍ، قَالَ: وَسَمِعْتُ عَبْدَ اللهِ بْنَ عُمَرَ رضي الله عنهما يَقُولُ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«كُلُّ شَيْءٍ بِقَدَرٍ، حَتَّى الْعَجْزِ وَالْكَيْسِ، أَوِ الْكَيْسِ وَالْعَجْزِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2655]
المزيــد ...

Тооус, рахимахуллах, айтат: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, сахабаларынын кээ бирлерин мындай деп айтканын уктум: «Бардык нерсе тагдырга жараша болот».
"Баары тагдыр менен болот. Жада калса жалкоолук жана шаттуулук да тагдыр менен болот». Башка риваятта: «шаттуулук жана жалкоолук» деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2655]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык нерсе тагдыр менен болорун айтты. Жада калса жалкоолук да тагдыр менен болорун айтты. Жалкоолук - бул кылынышы керек болгон нерсени таштоо. Дүйнө жана акырет иштерин өз убактысынан кечиктирүү. Жада калса шаттуулук да тагдыр менен болот. Шаттуулук - бул дүйнө жана акырет иштеринде аракеттенүү жана акылдуулук кылуу. Аллах Таала жалкоолукту, шаттуулукту жана башка бардык нерсени тагдыр кылып койгон. Ага Аллахтын илими жана каалоосу болмоюнча ишке ашат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Сахабалардын, Аллах алардан ыраазы болсун, тагдырга болгон ишеними баяндалды.
  2. Бардык нерсе Аллахтын каалоосу менен болот, ал тургай, жалкоолук жана аракет кылуу да тагдыр менен болот.
  3. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, хадисин жеткирүүдөгү сахабалардын тактыгы жана этияттыгы. Аллах алардан ыраазы болсун.
  4. Жакшы иштер жана жаман иштер да тагдырдан болот деп ишенүү керек.
Дагы...