+ -

عَنْ ‌أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ:
قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لِعَمِّهِ: «قُلْ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، أَشْهَدُ لَكَ بِهَا يَوْمَ الْقِيَامَةِ»، قَالَ: لَوْلَا أَنْ تُعَيِّرَنِي قُرَيْشٌ، يَقُولُونَ: إِنَّمَا حَمَلَهُ عَلَى ذَلِكَ الْجَزَعُ لَأَقْرَرْتُ بِهَا عَيْنَكَ. فَأَنْزَلَ اللهُ: {إِنَّكَ لا تَهْدِي مَنْ أَحْبَبْتَ وَلَكِنَّ اللهَ يَهْدِي مَنْ يَشَاءُ } [القصص: 56].

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, амекисине: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп айтыңыз. Кыямат күнү мен сизге күбө болом» - деп айтканда, ал айтты: «Эгерде Курайш башчылары «бул өлүмдөн коркуп келимени айтты» дешип жемелөөлөрү болбогондо, анда мен сенин көзүңдү сүйүнтмөкмүн». Ошондо Аллах бул аятты түшүрдү: «Чындыгында, сен жакшы көргөн адамыңды туура жолго алып келе албайсың. Бирок Аллах каалаган пендесин туура жолго алып келет». (Касас, 56)

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, агасы Абу Талиб өлүм алдында жатканда кыяматта ага шапаат кылуусу үчүн «Лаа илааха иллаллах» деп айтуусун суранат. Ошондой эле амекиси Исламда экендигине күбөлүк берүү үчүн келимени айтууну суранат. Бирок Курайш уруусунун башчыларынын жемесинен коркуп, күбөлүк келмесин айтуудан баш тартат. Курайш башчылары «ал өлүмдөн коркуп, алсыздыктан Исламды кабыл алды» деген сөздү айтпасын деп келимени айтпай коёт. Пайгамбардын, саллаллаху алейхи уа саллам, амекиси Абу Толиб ага мындай деп айтат: «Эгер андай болбогондо, мен күбөлүк келимесин айтып сенин жүрөгүңдү сүйүнтмөкмүн жана сен ыраазы болгонго чейин тилегиң аткарылат эле». Ошентип, Аллах Таала Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Исламга киргизе турган хидаятка ээ эмес, бирок Аллах Таала кимге кааласа, туура жолго салат деген аятты түшүрөт. Бирок Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды түз жолго чакыруу жана туура жолду ачыктап берүү хидаятына ээлик кылат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Элдин сөзүнөн коркуп чындык четте калбай айтылыш керек.
  2. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, туура жолго салууга ээ эмес, ачыктап берүүгө жана багыт берүүгө ээ боло алат.
  3. Оорулуу каапырды Исламга чакыруу үчүн зыярат кылуунун уруксат экендиги баяндалды.
  4. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык жагдайларда Аллах Таалага чакырууга аракетчил болгон.