+ -

عَنْ ‌قَتَادَةَ رحمه الله قال:
حَدَّثَنَا ‌أَنَسُ بْنُ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَجُلًا قَالَ: يَا نَبِيَّ اللهِ كَيْفَ يُحْشَرُ الْكَافِرُ عَلَى وَجْهِهِ؟ قَالَ: «أَلَيْسَ الَّذِي أَمْشَاهُ عَلَى الرِّجْلَيْنِ فِي الدُّنْيَا قَادِرًا عَلَى أَنْ يُمْشِيَهُ عَلَى وَجْهِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ؟» قَالَ قَتَادَةُ: بَلَى وَعِزَّةِ رَبِّنَا.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Катада, рахимахуллах, айтат:
Анас бин Малик, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, бир адам: «Оо, Аллахтын Элчиси, каапыр адам Кыямат күнү тирилгенде жүзү менен кантип тургузулат? - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырган Зат Кыяматта аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?!». Катада бул хадисти айтып ушул жеринде: «Раббимдин улуулугуна ант болсун! Албетте Ал Кудуреттүү» - деп айтты».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ушундай суроо менен суралды: «Кыямат күнү каапыр адам тирилгенде кантип жүзү менен тургузулат?» Ага Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Аны бул дүйнөдө эки буту менен бастырып койгон Аллах, Кыямат күнү аны бети менен бастырууга Кудуреттүү эмеспи?! Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү».

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Каапыр адамдын Кыяматта болгон кордугу жана ал бети менен басуусу.
Дагы...