+ -

عَنْ ‌عَائِشَةَ رضي الله عنها:
أَنَّ رَجُلًا قَعَدَ بَيْنَ يَدَيِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّ لِي مَمْلُوكِينَ يَكْذِبُونَنِي وَيَخُونُونَنِي وَيَعْصُونَنِي، وَأَشْتُمُهُمْ وَأَضْرِبُهُمْ، فَكَيْفَ أَنَا مِنْهُمْ؟ قَالَ: «يُحْسَبُ مَا خَانُوكَ وَعَصَوْكَ وَكَذَّبُوكَ وَعِقَابُكَ إِيَّاهُمْ، فَإِنْ كَانَ عِقَابُكَ إِيَّاهُمْ بِقَدْرِ ذُنُوبِهِمْ كَانَ كَفَافًا، لَا لَكَ وَلَا عَلَيْكَ، وَإِنْ كَانَ عِقَابُكَ إِيَّاهُمْ دُونَ ذُنُوبِهِمْ كَانَ فَضْلًا لَكَ، وَإِنْ كَانَ عِقَابُكَ إِيَّاهُمْ فَوْقَ ذُنُوبِهِمُ اقْتُصَّ لَهُمْ مِنْكَ الْفَضْلُ»، قَالَ: فَتَنَحَّى الرَّجُلُ فَجَعَلَ يَبْكِي وَيَهْتِفُ، فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَمَا تَقْرَأُ كِتَابَ اللهِ: {وَنَضَعُ الْمَوَازِينَ الْقِسْطَ لِيَوْمِ الْقِيَامَةِ فَلا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْئًا}، الْآيَةَ»، فَقَالَ الرَّجُلُ: وَاللهِ يَا رَسُولَ اللهِ، مَا أَجِدُ لِي وَلهُمْ شَيْئًا خَيْرًا مِنْ مُفَارَقَتِهِمْ، أُشْهِدُكَ أَنَّهُمْ أَحْرَارٌ كُلُّهُمْ.

[ضعيف] - [رواه الترمذي]
المزيــد ...

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат:
«Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына келип: «Оо, Аллахтын Элчиси, менде кулдарым бар, алар мага жалган айтышат, мага кыянат кылышат жана менин сөзүмдү угушпайт. Алардын алдында менин абалым кандай болот» - деп сурады. Пайгамбар айтты: «Сага кыянат кылгандары үчүн, сага баш ийбегендиги жана сага калп айткандары үчүн сен аларга берген жазаңа татыктуу болушат. Эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнө жараша болсо, бул аларга жетиштүү болот. Сенин пайдаңа да жана зыяныңа да болбойт. А эгерде аларга берген жазаң алардын күнөөлөрүнөн азыраак болсо, анда сага артыкчылык болот. А эгерде жазаң алардын күнөөлөрүнөн көбүрөөк болсо, анда алар сенден өчтөрүн алышат. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасын коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт» - деген аятын окубадыңбы?» - деп айтты. Ал киши: «Оо, Аллахтын Элчиси, Аллахка ант болсун! Мен өзүм үчүн да, алар үчүн да алардан бөлүнүүдөн артык эч нерсе таба албайм. Күбөлүк берем алардын баары азат» - деп айтты».

Сахих (ишенимдүү) - Ат-Тирмизи жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Бир адам Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, келип кулдарынын кылган иштерине жана алардын айткан жалган сөздөрүнө, аманатка кыянаттык кылгандарына, соода-сатык иштеринде алдаганына жана ага баш ийбегендигине даттанат. Анан ал киши аларды тилдеп, тарбиялоо үчүн сабаганын айтты. Анан Пайгамбарыбыздан алар менен Кыямат күнүндөгү абалын сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: Сага кыянат кылгандар, сага моюн сунбагандар, сага жалган айткандар суракка алынат жана сенин аларга берген жазаң да суракка алынат. Эгерде жазанын өлчөмү алардын күнөөлөрүнө барабар болсо, анда сага пайда болбойт, сага зыян да болбойт. Алардын күнөөлөрүнө караганда берген жаза көбүрөөк болсо, анда ашыкча жазаң үчүн сенден өч алынып, аларга берилет. Ошондо ал киши четке чыгып, үнүн чыгара ыйлай баштады. Анда Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: «Сен Аллахтын Китебинде: «Кыямат күнү адилеттүүлүк таразасына коёбуз, ошондо эч бир жанга зулумдук кылынбайт. Эгерде (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз» деген аятты окубадыңбы?» - деп айтты. Ошентип, кыямат күнү эч кимге зулумдук кылынбайт жана адамдардын ортосундагы тараза адилеттүү болот. Ал киши: «Аллахка ант болсун! Оо, Аллахтын элчиси, мен өзүм үчүн да, алар үчүн да аларды таштап коюудан жакшыраак эч нерсе таба албайм» - деди. Мен күбөлүк берем, алардын баары Аллахтын ыраазычылыгы үчүн азат болсун деп ал күндөгү сурактан жана азаптан коркуп баарын азат кылды.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Сахабанын Аллахтын азабынан коркуп, кулдарын азаттыкка чыгаруудагы ыкластуулугу айтылды.
  2. Зулумдук кылган адамдардан жаза алууда - ал күнөөнүн өлчөмүнө барабар же андан аз болсо, анда уруксат болот. Бирок ашыкча жазалоо арам болот.
  3. Кызматчыларга жана алсыздарга жакшы мамиле кылууга үндөдү.
Дагы...