+ -

«أَلاَ أُحَدِّثُكُمْ حَدِيثًا عَنِ الدَّجَّالِ، مَا حَدَّثَ بِهِ نَبِيٌّ قَوْمَهُ؟ إِنَّهُ أَعْوَرُ، وَإِنَّهُ يَجِيءُ مَعَهُ بِمِثَالِ الجَنَّةِ وَالنَّارِ،* فَالَّتِي يَقُولُ إِنَّهَا الجَنَّةُ هِيَ النَّارُ، وَإِنِّي أُنْذِرُكُمْ كَمَا أَنْذَرَ بِهِ نُوحٌ قَوْمَهُ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерге Дажжалдын мурдагы пайгамбарлар коомуна айтпаган сыпаттарын айтып берейинби?" Анын көзү сокур. Ал бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрөт. Анын бейиш дегени тозок болот. Нух пайгамбар аны айтып коомуна эскерткен сыяктуу мен да силерге эскертемин".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына Дажжал тууралуу мурдагы пайгамбарлар айтпаган анын сыпаттары жана белгилери тууралуу кабар берген. Алардын кээ бири булар:
Анын көзү сокур болот.
Аллах Таала ага бейиш жана тозок сыяктуу нерсени алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет б.а. элдин көзүнө ошондой көрүнөт.
Бирок анын бейиши - тозок, тозогу - бейиш. Ким анын айтканын кылса, эл көзүнө бейиш болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал күйгүзүүчү тозок болот. Ким ага моюн сунбаса, аны эл көзүнө тозок болуп көрүнгөн нерсеге киргизет, бирок ал бейиш болот. Анан пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Нух пайгамбар Дажжалдын азгырыгын коомуна эскерткен сыяктуу, ал да үммөтүнө анын азгырыгынан сак болууну эскертти.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Дажжалдын бүлгүн, бузукулугу өтө чоң болот.
  2. Дажжалдын бүлгүнүнөн чыныгы ыйман, Аллага таянуу, акыркы ташахудда андан сактоону Аллахтан тилөө, Кахф сүрөөсүнүн алгачкы он аятын жаттоо сыяктуу иштер куткарууга себеп боло алат.
  3. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө аябай кам көргөн. Ал башка пайгамбарлар коомуна айтпаган нерсени мусулмандарга айтып баяндап берген.
Дагы...