+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه أَن النبيَّ صَلّى اللهُ عَلَيْهِ وسَلَّم قَالَ:
«الرَّجُلُ عَلَى دِينِ خَلِيلِهِ، فَلْيَنْظُر أَحَدُكُم مَنْ يُخَالِل».

[حسن] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد] - [سنن أبي داود: 4833]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Адам досунун дининде болот. Ошондуктан ар кимиң ким менен дос болоруна карасын".

[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 4833]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдын жүрүм-туруму, адаттары жакын досуна окшошуп каларын айткан. Достук адамдын жүрүм-турумуна, адеп-ахлагына, иш-аракеттерине таасирин тийгизет. Ошон үчүн досту жакшылап карап тандоого чакырган. Жакшы адам досунун ыйманына, туура жолдо жүрүүсүнө жана жакшы иштерди кылуусуна далил болот жана аны колдоп турат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Сомаличе Румынча Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жакшы адамдар менен болуп, алар менен маектешип жүрүүгө буйруп, жаман адамдарга жакын болуудан тыйган.
  2. Мында жакын тууган жөнүндө эмес, дос жөнүндо гана айтылган. Анткени, досту тандоого болот. Ал эми тууганды тандай албайсың.
  3. Кимдир бирөөгө жоро-жолдош болуудан мурда пикир кылып, ойлонуу керек.
  4. Ыймандуу адамдар менен бирге болуп, алар менен маектешкен адам динин бекемдейт. Ал эми фасык жана бузуку адамдар менен маектешкен адамдын дини алсыздайт.
Дагы...