+ -

عَنْ أَبِي مُوسَى رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّمَا مَثَلُ الْجَلِيسِ الصَّالِحِ وَالْجَلِيسِ السَّوْءِ كَحَامِلِ الْمِسْكِ وَنَافِخِ الْكِيرِ، فَحَامِلُ الْمِسْكِ: إِمَّا أَنْ يُحْذِيَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَبْتَاعَ مِنْهُ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ مِنْهُ رِيحًا طَيِّبَةً، وَنَافِخُ الْكِيرِ: إِمَّا أَنْ يُحْرِقَ ثِيَابَكَ، وَإِمَّا أَنْ تَجِدَ رِيحًا خَبِيثَةً».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 2628]
المزيــد ...

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Салих жана жаман адам менен отуруунун мисалы, атыр саткан жана көөрүк үйлөгөн адам менен отуруу сыяктуу. Атыр саткан адам: же ал сага атырын белек кылат, же сен андан сатып аласың, же жок эле дегенде анын жыпар жыты келип турат. Көөрүк үйлөгөн адам: же ал сенин кийимиңди күйгүзөт, же андан жагымсыз жытты табасың".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 2628]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки түрдүү адамды мисал келтирди:
Биринчиси: Сөзгө ынак адам жана салих дос, ал Аллахка жана Аллах ыраазы боло турган иштерге багыт берет, Ага баш ийүүгө түрткү болот. Ал атыр саткан адамга окшош, сага атыр бериши мүмкүн, же сен андан атыр сатып аласың, же сен анын жыпар жытын жыттайсың.
Экинчиси: Жаман жолдош же табакташ. Ал Аллахтын жолунан тыят, күнөө иштерди кылууга түрткү болот. Андан жаман иштерди гана көрөсүң, өзү сыяктуу сенден да жаман иштерди кылууну талап кылат. Ал көөрүк менен отту кызыткан темир уста сыяктуу. Анын учурган учкунуна кийимиңди күйгүзөсүң, же андан жаман жытты жыттайсың.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Угуучуга маани түшүнүктүү болуусу үчун мисалдарды келтирүүгө болот.
  2. Ибадатчыл, салих адамдар менен отуруу. Бузукулардан жана жаман мүнөздүүлөрдөн алыс болуу зарыл. Хадис ушуга үндөп, кызыктырган.
Дагы...