عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«السَّاعِي عَلَى الأَرْمَلَةِ وَالمِسْكِينِ، كَالْمُجَاهِدِ فِي سَبِيلِ اللَّهِ، أَوِ القَائِمِ اللَّيْلَ الصَّائِمِ النَّهَارَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5661]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жесирге жана жардыга жардам берген адам Аллах жолунда жихад кылгандай же түнү туруп намаз окуп, күндүзү орозо кармагандай (сооп-сый алат)".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5661]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун), күйөөсү өлүп, ага каралашар эч кими жок аялга жана муктаж болгон жардыга жардам колун сунуп, Аллах Тааладан сооп үмүт кылып аларды каржылган киши, Аллахтын жолунда жихадга чыккандай, же чарчабастан түнү тахажуд намазын окуган, күндүзү оозун ачпай орозо кармаган адамдай сооп-сыйга ээ болорун кабарлаган.

Хадистин пайдалары

  1. Хадисте бей-бечаранын кажетин чечүү, кепилдикке алуу жана жардам берүүгө үндөгөн.
  2. Ибадат бардык ийги иш-амалдарды ичине камтыйт, жесирге жана жардыга жардам берүү да ибадаттын бири болуп саналат.
  3. Ибн Хубайра минтип айткан: Аллах Тааланын ага бир учурда орозо тутуучунун, намаз окуучунун жана жихадга чыгуучунун сооп-сыйын чогуу бергенинин төркүнү мындай, анткени ал жесирге анын күйөөсүнүн ордунда туруп жардам берет..., өзүн эптөөгө алы жетпеген жардыга анын ордуна туруп жардам берет. Азык-түлүктүн артыкчасынан каржылайт. Туруктуулук менен садага берет. Ошол себептен анын пайдасы орозого, намазга жана жихадга тең келет.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (56)
Дагы...