+ -

«بَادِرُوا بِالْأَعْمَالِ فِتَنًا كَقِطَعِ اللَّيْلِ الْمُظْلِمِ،* يُصْبِحُ الرَّجُلُ مُؤْمِنًا وَيُمْسِي كَافِرًا، أَوْ يُمْسِي مُؤْمِنًا وَيُصْبِحُ كَافِرًا، يَبِيعُ دِينَهُ بِعَرَضٍ مِنَ الدُّنْيَا».
[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жакшы иш-амалдарды аткарууга шашылгыла. Караңгы түн каптагандай фитна-азгырыктар каптаган заман келет. Ошондо эрте менен ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыйманы менен жүргөн адам, эртең менен каапыр болуп калат. Алар жарыбаган дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин сатып жиберишет".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандууларды жакшы иш-амалдарды шашылып аткарууга үндөгөн. Аларды жакшы иш-амалдардан алаксыта турган, же такыр эле аткартпай тосо турган фитна, шек-күмөндүү жаман иштер пайда болорун айткан. Ал учур түндөй караңгы, анда чындык менен жалган аралашып кетет. Адамдар ак менен караны ажырата албай калат. Азгырыктын күчтүүлүгүнөн эртең менен эле ыймандуу болуп турган адам, кечинде каапыр болуп калат. Кечинде ыймандуу болуп турган адам, эрте менен каапыр болуп калат. Убактылуу, жок болуп кете турган кайсы бир дүйнө кызыкчылыгы үчүн динин таштап коюшат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Динди бекем кармоо жана тоскоолдук жаратуучу иштер пайда болгончо жакшы иш-амалдарды аткарып калууга шашылуу важиб.
  2. Акыр заманда түндөй каптаган фитна-бүлгүн иштер көбөйөт. Мындай бузуку фитналардын бири пайда болуп кайра жоголсо, анын артынан экинчиси чыга берет.
  3. Эгер инсандын дин кармануусу алсыздап, анын каршысына байлыкка кызыгуусу же башка бир дүйнөлүк нерсеге кызыгуусу күчөй берсе, бул анын динден алыстоосуна жана таштап коюусуна, фитна-азгырыкка ээрчип кетүүсүнө себеп болот.
  4. Бул хадис жакшы иш-амалдар фитна-бүлгүндөн кутулууга себеп болоруна далил.
  5. Фитна-бүлгүн эки түрдүү болот: биринчиси, шек-күмөн жараткан фитна. Муну илим аркылуу жеңүүгө болот. Экинчиси, шахват, кумар каалоолорун жараткан фитна. Муну бекем ыйман жана сабырдуулук менен жеңүүгө болот.
  6. Хадисте кимдин жакшы иш-амалдары аз болсо ага фитна бат жетерине ишарат бар. Ал эми кимдин жакшы иш-амалдары көбүрөөк болсо, анысына сыймыктанып жүрүп албай, жакшы ишин дагы көбөйтө бериши керек.