عن أبي صِرْمة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«مَنْ ضَارَّ ضَارَّ اللهُ بِهِ، وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللهُ عَلَيْهِ».
[حسن] - [رواه أبوداود والترمذي وابن ماجه وأحمد]
المزيــد ...
Абу Сирма, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми кимде-ким бирөөнү кыйнаса, анда Аллах аны кыйынчылыка салып коёт».
Хасан (жакшы) - Ибн Маажа жазып калтырган.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бир мусулмандын өзүнө, мал-мүлкүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирүүдөн же ага кыйынчылык келтирүүдөн эскертти. Ким ушундай кылса, анда Аллах аны келтирген зыянына жана кыйнаганына жараша жазасын жана азабын берет.