عن أبِي هُرَيرةَ رضي الله عنه أنَّ رسول الله صلى الله عليه وسلمَ قال:
«إذا قُلْتَ لِصَاحِبِكَ: أَنْصِتْ، يومَ الجمعةِ، والْإِمامُ يَخْطُبُ، فَقَدْ لَغَوْتَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 851]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
"Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутба айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 851]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума хутбасына келгендер үчүн жума хутбасындагы важиб адептердин бири хутбаны түшүнүү үчүн тынч олтуруп угуу экенин баяндап жатат. Кимде-ким имам хутба айтып жатканда кыска болсо да сүйлөп, башкага: "Тынч бол, ук" - десе, анда жума намазынын пазилетинен куру калган болот.

Хадистин пайдалары

  1. Хутба угуп жатканда жамандыктан кайтаруу же саламга алик алуу жана чүчкүргөнгө жооп берүү менен болсо да сүйлөөгө тыюу салынган.
  2. Бир гана имамга кайрылган адамга же имам ага кайрылган адамга сүйлөө болот.
  3. Зарыл учурда эки кутбанын ортосунда сүйлөөгө уруксат.
  4. Имам хутба айтып жатканда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерилсе, анда ал үчүн купуя салават айтыңыз, ошондой эле дубада "аамиин" деп айтсаңыз да болот.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (59)