+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«مَنِ اغْتَسَلَ يَوْمَ الجُمُعَةِ غُسْلَ الجَنَابَةِ ثُمَّ رَاحَ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْشًا أَقْرَنَ، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الرَّابِعَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ دَجَاجَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الخَامِسَةِ، فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَيْضَةً، فَإِذَا خَرَجَ الإِمَامُ حَضَرَتِ المَلاَئِكَةُ يَسْتَمِعُونَ الذِّكْرَ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 881]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким жума күнү жунуптуктан жуунгандай жуунуп, анан эртелеп мечитке барса, төөнү курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам уйду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам мүйүздүү кочкорду курмандыкка чалгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам тоокту садака кылгандай сооп алат. Андан кийинки убакта барган адам жумуртканы садака кылгандай сооп алат. Имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда периштелер зикирди угуу үчүн чогулат".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 881]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жума намазына эртелеп баруунун артыкчылыгы тууралуу айткан. Намазга баруу убактысы –ошол күнү Күн чыккан убактан имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканга чейин созулат. Бул аралыкты беш саатка бөлсөк болот. Б.а. күн чыккандан баштап имам минбарга чыкканга чейинки убакты беш бөлүккө бөлөбүз:
Биринчиси: кимде-ким жунубтуктан жуунгандай тазаланып жуунуп, биринчи саатта мечитке барса, төөнү садака кылгандай соопко ээ болот.
Экинчиси: экинчи саатта барган адам уйду садака кылгандай соопко ээ болот.
Үчүнчүсү: үчүнчү саатта барган адам мүйүздүү кочкорду садака кылгандай соопко ээ болот.
Төртүнчүсү: төртүнчү саатта барган адам тоокту садака кылгандай соопко ээ болот.
Бешинчиси: бешинчи саатта барган адам жумуртканы садака кылгандай соопко ээ болот.
Ошентип имам кутпа айтуу үчүн минбарга чыкканда мечитке келгендерди катары менен жазып жаткан периштелер жазганын токтотуп, зикир жана кутпаны угуу үчүн чогулушат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жума күнү намазга барардан мурда жуунуу зарыл.
  2. Жума намазына күндүн алгачкы бөлүгүндө эртелеп баруу артыкчылыктуу иш.
  3. Ийги иш-амалдарды аткарууга шашылуу керек.
  4. Жума намазына периштелер да келет жана кутпаны угат.
  5. Жума намазына келгендерди периштелер катары менен жазып турат.
  6. Ибн Ражаб айтат: Хадистеги "Кимде-ким жума күнү жуунуп, анан эртелеп мечитке жөнөсө..." дегени жума үчүн жуунуунун абалкы учуру күн чыккан учур, акыркы учуру жумага жөнөгөн учур".