+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لاَ تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى تُقَاتِلُوا اليَهُودَ، حَتَّى يَقُولَ الحَجَرُ وَرَاءَهُ اليَهُودِيُّ: يَا مُسْلِمُ، هَذَا يَهُودِيٌّ وَرَائِي فَاقْتُلْهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 2926]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Силер яхудийлер менен согушмайынча Кыямат болбойт. Ошондо таштын артында яхудий турса, таш: «Эй мусулман, менин артымда бир жөөт бар, аны өлтүр!» - деп айтат».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 2926]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мусулмандар менен яхудийлер бири-бири менен согушмайынча Кыямат болбойт деп кабар берди. Яхудий мусулмандардан жашынуу үчүн таштын артына качканда Аллах ташты сүйлөтүп, мусулманга мындай деп айтат: «Менин артымда бир яхудий бар, аны келип өлтүр!».

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче اليونانية Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах Таала Пайгамбарга, саллаллаху алейхи уа саллам, билгизгендей, кээ бир кайыптар жана келечектеги боло турган окуялар туурасында кабар берди. Пайгамбарыбыздын айткан кабарлары сөзсүз болот.
  2. Мусулмандардын акыр заманда яхудийлер менен согушуусу - бул кыяматтын белгилеринин бири.
  3. Ислам дининин Кыяматка чейин сакталышы жана бардык диндерден үстөм болушу.
  4. Аллах мусулмандарга душмандарынын үстүнөн жеңиш берет. Аны менен кошо акыр заманда ташты сүйлөтөт.
Дагы...