+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لاَ تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يَمُرَّ الرَّجُلُ بِقَبْرِ الرَّجُلِ فَيَقُولُ: يَا لَيْتَنِي مَكَانَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Бир киши экинчи бир кишинин кабырынын жанынан өтүп бара жатып: "Аттиң десе, ушунун ордунда мен болуп калганымда" деп (самап) калмайынча кыямат болбойт".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлайт: Бир адам кабырдын жанынан өтүп бара жатып, анын ордунда өзү майит болуп жатууну самап, үмут кылмайынча кыямат болбойт. Мунун себеби, жалган нерселер басымдуулук кылып, фитна, күнөө, жаман иштер ачыктан ачык жасалгандыктан, ал динин жоготуп аламбы деп коркот.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис акыр заманда күнөө, фитналар ачык болорунан кабар берет.
  2. Этият болуп, ыйман жана ийги иш-амалдар менен өлүүгө даярданууга жана фитна, балээ жайылган жайлардан алыс болууга үндөйт.