+ -

عَنْ زَيْنَبَ بِنْتِ جَحْشٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْها أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ دَخَلَ عَلَيْهَا فَزِعًا يَقُولُ:
«لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَيْلٌ لِلْعَرَبِ مِنْ شَرٍّ قَدِ اقْتَرَبَ، فُتِحَ اليَوْمَ مِنْ رَدْمِ يَأْجُوجَ وَمَأْجُوجَ مِثْلُ هَذِهِ» وَحَلَّقَ بِإِصْبَعِهِ الإِبْهَامِ وَالَّتِي تَلِيهَا، قَالَتْ زَيْنَبُ بِنْتُ جَحْشٍ فَقُلْتُ يَا رَسُولَ اللَّهِ: أَنَهْلِكُ وَفِينَا الصَّالِحُونَ؟ قَالَ: «نَعَمْ إِذَا كَثُرَ الخَبَثُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 3346]
المزيــد ...

Зайнап бинт Жахш (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чочулагандай түрү менен кирип келип мындай деди:
"Лаа илаха иллаллааху, чоң жамандык жакындап келе жаткан араптардын шору курусун. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун тосмосунун ушунча жери ачылды" деп, сөөмөйүн баш бармагы менен бириктирип эки манжасынын ортосундагы кичине жылчыкты көрсөттү. Зайнаб бинт Жахш айтат: "Мен ага мындай дедим: "О, Аллахтын элчиси, биздин арабызда салих адамдар болсо деле кыйроого учурашыбыз мүмкүнбү?"" Ал: "Ооба, эгер бузуку иштер күнөөлөр көбөйүп кетсе" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 3346]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аялы Зайнаб бинт Жахштын бөлмөсүнө чочулап, корккондой түр менен кирет. Анан алдыда жаман иштин болорун, андан бир гана Аллахка жалбаруу менен кутулууга болорун билдирип: "Лаа илааха иллаллааху" дейт. Анан минтип айтат: Араптарга вайл болсун, бир жамандыктын ишке ашарына аз калды. Бүгүн Йажуж менен Мажуждун Зулкарнайн тосуп кеткен тосмосу ушунча өлчөмдө ачылды деп, баш бармагы менен сөөмөйүн бириктирип, ортосунда пайда болгон жылчыкты көрсөттү. Зайнаб (ага Аллах ыраазы болсун): "Арабызда ыймандуу, саалих адамдар бар болсо, Аллах кантип бизди кыйратып жиберсин? деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага мындай дейт: Эгерде бузукулук, жамандык, күнөөлөр, зына кылуу, арак ичүү ж.б. көбөйүп кетсе, Аллах Таала адамдардын баарын чогуу кыйратат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Чочулоо, тынчсыздануу ыймандуу адамды Аллахты зикир кылуудан алагды кылбайт. Анткени, Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат.
  2. Күнөө иштерден кайтарып, аны аткарууга жол бербөө керек.
  3. Эгерде күнөө иштер көбөйүп жайылып кетсе жана андан тыйган адам болбосо, эл арасында саалих адамдар көп болгонуна карабай, Аллах Тааланын азабы жалпы элге бирдей түшөт.
  4. Башка түшкөн балээлер саалихтерге да, бузуктарга да бирдей келет, бирок кыяматта тирилгенде ар кимиси ниетине жараша тирилет.
  5. Хадисте "араптарга вайл болсун" деп, араптарды гана айтканы, ал учурда динди кабылдаган элдин эң көбү араптар болгону үчүн. Негизи бул хадис жалпы адамзатка тиешелүү.
Дагы...