+ -

عَنْ أَبِي ذَرٍّ رضي الله عنه قَالَ:
قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللهِ مَا آنِيَةُ الْحَوْضِ؟ قَالَ: «وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَآنِيَتُهُ أَكْثَرُ مِنْ عَدَدِ نُجُومِ السَّمَاءِ وَكَوَاكِبِهَا، أَلَا فِي اللَّيْلَةِ الْمُظْلِمَةِ الْمُصْحِيَةِ، آنِيَةُ الْجَنَّةِ مَنْ شَرِبَ مِنْهَا لَمْ يَظْمَأْ آخِرَ مَا عَلَيْهِ، يَشْخَبُ فِيهِ مِيزَابَانِ مِنَ الْجَنَّةِ، مَنْ شَرِبَ مِنْهُ لَمْ يَظْمَأْ، عَرْضُهُ مِثْلُ طُولِهِ، مَا بَيْنَ عَمَّانَ إِلَى أَيْلَةَ، مَاؤُهُ أَشَدُّ بَيَاضًا مِنَ اللَّبَنِ، وَأَحْلَى مِنَ الْعَسَلِ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Зар, ​​радыяллаху анху, риваят айтты:
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, Хауддун идиштери кандай болот?» - деп айттым. Ал айтты: «Мухамматтын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Хауддун идиштери - караңгы түндө чыккан асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан көп чыгат. Ошондой эле бир адам бейиштеги идиштерден суусундук ичкен учуру - анын акыркы суусагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы келип куюлат, андан ичкен адам эч суусабайт. Хауддун узуну менен туурасы бирдей аралыкта. Аммандан Айла шаарына чейинки аралыкта болот. Анын суусу сүттөн ак, балдан таттуу болот».

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыямат күнү Хауддун куюучу идиштери асмандагы жылдыздардын жана планеталардын санынан да көп болот деп Аллахтын аты менен ант ичип айтты. Асмандын жылдыздары ай чыкпаган караңгы түндө көбүрөөк болот. Анткени айдын жарыгы жылдыздарды тоскону үчүн ачык болбойт. Ошондой эле булуттардын болушу жылдыздардын көрүнбөй калышына тоскоол болот. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз айсыз жана ачык асмандагы жылдыздар деп айтты. Ал эми бейиштин идиши – кимде-ким андагы суусундуктан ичсе, эч качан чаңкабайт жана ал учур анын акыркы чаңкагандыгы болот. Хаудка бейиштин эки булагы куюп турат жана анын туурасы узундугуна барабар болот. Хауддун узуну менен туурасы бирдей. Анын ченеминин узундугу - Балка аймагындагы Амман менен Леванттын четиндеги белгилүү шаар болгон Айлага чейинки аралыкка барабар болот. Хауддун суусу сүттөн ак, даамы балдын даамынан таттуу болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Боснияча Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис Хауддун жана андагы нээматтардын түрлөрү боло тургандыгын далилдеп турат.
  2. Хауддун чоңдугу, узундугу, кеңдиги жана идиштеринин көптүгү айтылды.
Дагы...