+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنهما أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«أَتَدْرُونَ مَا الْمُفْلِسُ؟» قَالُوا: الْمُفْلِسُ فِينَا مَنْ لَا دِرْهَمَ لَهُ وَلَا مَتَاعَ، فَقَالَ: «إِنَّ الْمُفْلِسَ مِنْ أُمَّتِي يَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِصَلَاةٍ وَصِيَامٍ وَزَكَاةٍ، وَيَأْتِي قَدْ شَتَمَ هَذَا، وَقَذَفَ هَذَا، وَأَكَلَ مَالَ هَذَا، وَسَفَكَ دَمَ هَذَا، وَضَرَبَ هَذَا، فَيُعْطَى هَذَا مِنْ حَسَنَاتِهِ، وَهَذَا مِنْ حَسَنَاتِهِ، فَإِنْ فَنِيَتْ حَسَنَاتُهُ قَبْلَ أَنْ يُقْضَى مَا عَلَيْهِ أُخِذَ مِنْ خَطَايَاهُمْ فَطُرِحَتْ عَلَيْهِ، ثُمَّ طُرِحَ فِي النَّارِ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2581]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: бир жолу Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):
“Куру-жалак калган адам ким экенин билесиңерби? ” - деп сурап калды. Куру-жалак калды деп арабыздагы күмүш акчасы да, буюм-терими да жок калган кишини айтабыз деди сахабалар. Аллахтын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Чынында, менин үммөттүмдөгү куру-жалак калган адам: кыямат күнү окуган намазы, туткан орозосу, берген зекети менен келет. Ошол эле учурда ал бирөөнү сөккөн, бирөөгө жалаа жапкан, бирөөнүн малын жеген, бирөөнүн канын төккөн, бирөөнү урган сыяктуу жаман иштерин да ала келет. Анан анын жакшы иш-амалдары тигилерге алып берилет. Кокус моюнундагы карызы бүтө электе жакшы амалдары түгөп калса, анда тигилердин жаман иш-амалдары мунун моюнуна жүктөлөт. Андан кийин тозокко ташталат” - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2581]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан куру кол калган адам ким экенин сурады. Сахабалар: Арабызда же малы, же буюуму жок калган адамдар куру кол адамдар деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз: Менин үммөтүмдүн куру кол калгандары - кыямат күнү намаз, орозо, зекет ж.б. жакшы иш-амалдары менен келет. Ошону менен бирге бирөөнү сөккөн, дагы бирөөнүн абийирин төккөн, дагы бирөөнүн мал-мүлкүн алып танып кеткен, дагы бирөөнүн канын төгүп зулум кылган, дагы бирөөнү уруп кордогон... Анан ошол зулум чекккендерге анын жакшылыктары алынып берилет, эгер зулумдугу жана алган акылары акырын чыкканга чейин анын жакшылыктары түгөнүп калса, зулум чеккендердин күнөөлөрүнөн ага алынып берилет. Анан анын эч кандай жакшылыгы жок калгандыктан, тозокко ташталат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Арам иштерге баруудан эскертет. Айрыкча, пенделердин акысына тиешелүү иштерде, мейли материалдык жактан болсун, мейли моралдык жактан болсун.
  2. Пенделердин укугун тебелөө (алар өзү кечирмейинче) кечирилбейт. Ал эми Аллахтын укугунда, ширктен башка күнөөлөр (Аллах кааласа) кечирилет.
  3. Диалог аркылуу үйрөтүү угуучуну ойготуп, анын көңүлүн бурдуруп, кызыгуусун арттырат. Айрыкча, тарбия берүүдө жана илим үйрөтүүдө бул ыкма маанилүү.
  4. Куру кол калуу дегендин чыныгы мааниси, кыямат күнү болгон жакшылыктарын зулум берген адамдарына алдырып койгон адам.
  5. Кыямат күндөгү өч алуу жакшылыктардын баарынан куру жалак калганга чейин уланат.
  6. Аллахтын пенделерине кылган мамилеси адилеттиктин жана акыйкаттыктын үстүнө курулган.
Дагы...