+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَنْ حَلَفَ فَقَالَ فِي حَلِفِهِ: وَاللَّاتِ وَالعُزَّى، فَلْيَقُلْ: لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَمَنْ قَالَ لِصَاحِبِهِ: تَعَالَ أُقَامِرْكَ، فَلْيَتَصَدَّقْ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 4860]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким ант берип, антында: "Лат жана Уззага ант" деп айтса, ал "Лаа илааха иллалллаху" деп келме келтирсин. Кимде-ким жолдошуна "кел кумар ойнойбуз" деп айтса, ал садага берсин.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 4860]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын атынан башка нерсе менен ант ичүүгө тыюу салып, катуу эскерткен. Ыймандуу адам Аллахтын аты менен гана ант ичет. Кимде-ким Аллахтын атынан башка нерсе менен, мисалы: Лаат жана Уззага ант деп, Исламга чейинки доордо кудай кылып сыйынып жүрүшкөн эки буттардын аты менен ант ичсе, ширктен өзүн тазалоо үчүн жана бул антынын күнөөсүнөн кутулуу үчүн дароо "лаа илааха иллал-лааху" деп келме келтириши зарыл.
Ошондой эле, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким жолдошуна "кел кумар ойнойбуз" деп айтса, аны чакырганы үчүн дароо садага берсин деген. Кумар оюну эки же андан көп кишинин ортосуна коюлган акчага ойнолуп, алардын бири да утуп аларын же утулуп каларын билбейт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын гана аты менен же Анын ысым-сыпаттары менен ант ичүүгө болот.
  2. Аллахтын атынан башка нерсе менен ант ичүү арам. Лаат жана Узза сыяктуу буттардын аты менен болсун, же пайгамбардын аты менен болсун, же дагы башка нерсе менен болсун, айырмсы жок. Баарына тыюу салынган.
  3. Ал-Хаттабий минтип айткан: Ант сыйынылуучу улуу Заттын аты менен айтылат. Лаат же ошол сыяктуу нерсеге ант ичсе, каапырларды туураган болот. Ошон үчүн дароо тавхид келмесин айтуусу зарыл болот.
  4. Аллахтан башка менен ант ичкен адамга антынын ордуна төлөй турган акы-төлөм жок. Ага истигфар айтып Аллахка кайтуу зарыл. Анткени, анын күнөөсү тообо кылуудан башка нерсе менен кечирилбейт.
  5. Кумардын кайсы түрү кандай сүрөттө болбосун, баары арам. Аллах Таала анын арамдыгын арак ичүү жана төлгө тартуу менен бир катарда айтып арам кылган.
  6. Күнөө кылып алганын билер замат андан кайтуу важыб.
  7. Кимде-ким күнөө иш жасап алса, анын артынан дароо жакшы иш жасасын. Анткени, жакшылык жамандыкты жууп кетет.
Дагы...