عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«اثْنَتَانِ فِي النَّاسِ هُمَا بِهِمْ كُفْرٌ: الطَّعْنُ فِي النَّسَبِ، وَالنِّيَاحَةُ عَلَى الْمَيِّتِ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 67]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө өкүрүп ыйлоо".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 67]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки ишти каапырлардын амалы, Исламга чейинки доордон калган ахлак деп кабарлаган. Ал экөө:
Биринчиси: Адамдардын тегин кемсинтип, аларды басынтып, текеберлик кылуу.
Экинчиси: өлүм болгондо тагдырга нааразы болуп, үнүн көтөрүп өкүрүп ыйлоо, же сабырсыздыктан улам кийимин тытып ыйлоо.