+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ:
قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ اللَّهَ قَالَ: مَنْ عَادَى لِي وَلِيًّا فَقَدْ آذَنْتُهُ بِالحَرْبِ، وَمَا تَقَرَّبَ إِلَيَّ عَبْدِي بِشَيْءٍ أَحَبَّ إِلَيَّ مِمَّا افْتَرَضْتُ عَلَيْهِ، وَمَا يَزَالُ عَبْدِي يَتَقَرَّبُ إِلَيَّ بِالنَّوَافِلِ حَتَّى أُحِبَّهُ، فَإِذَا أَحْبَبْتُهُ: كُنْتُ سَمْعَهُ الَّذِي يَسْمَعُ بِهِ، وَبَصَرَهُ الَّذِي يُبْصِرُ بِهِ، وَيَدَهُ الَّتِي يَبْطِشُ بِهَا، وَرِجْلَهُ الَّتِي يَمْشِي بِهَا، وَإِنْ سَأَلَنِي لَأُعْطِيَنَّهُ، وَلَئِنِ اسْتَعَاذَنِي لَأُعِيذَنَّهُ، وَمَا تَرَدَّدْتُ عَنْ شَيْءٍ أَنَا فَاعِلُهُ تَرَدُّدِي عَنْ نَفْسِ المُؤْمِنِ، يَكْرَهُ المَوْتَ وَأَنَا أَكْرَهُ مَسَاءَتَهُ».

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Чынында, Аллах Таала мындай деди: "Ким Менин досума душмандык кылса Мен ага согуш жарыя кыламын. Пендемди мага жакындата турган Мен ага парыз кылган амалдардан өткөн амал жок. Пендем Мага напил амалдар аркылуу жакындаган сайын, Мен аны жакшы көрөм. А Мен аны жакшы көрсөм, анын уга турган кулагы, көрө турган көзү, кармай турган колу жана баса турган буту болом. Эгер менден сураса, берем, Эгер Мени менен сактанса, сактайм. Мен кылган иштеримден момундун жанын алганда экиленгендей экиленген эмесмин, ал өлүмдү жек көрөт, Мен аны кыйнаган нерсени жек көрөм".

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Улук Аллах Таала кудусий хадисте минтип айтканын кабарлайт: Ким менин досторумдан бирине ыза берсе, ачууландырса, же аны жек көрсө, мен ага билдирем жана ага согуш жарыялайм.
Дос дегени: такыба ыймандуу адам. Пендеде ыйман жана такыбылатан канча болсо, Аллахка достугу ошончолук болот. Мусулманды Раббисине жакындата турган эң жакшы иш - ибадаттарды аткаруу жана күнөөлөрдөн тыйылуу сыяктуу ага важыб, парз кылынган иштер. Мусулман адам парз ибадаттар менен бирге напил ибадаттарды аткарган сайын Раббисине жакындап, Анын сүйүүсүнө жетет. Аллах аны жакшы көрүп калгандан кийин анын төмөнкү төрт мүчөсүн күнөөдөн Өзү сактайт:
Угуусун сактайт, Аллах ыраазы боло турган сөздөрдү гана угуп калат.
Көрүүсүн сактайт, Аллах кароосун жакшы көргөн жана ыраазы болгон нерсени гана карап калат.
Колун сактайт, колу менен Аллах ыраазы боло турган иштерди гана жасайт.
Буттарын сактайт, Аллах ыраазы боло турган жерлерге гана басат, жакшылык бар нерсеге гана аракет кылат.
Аны менен бирге Аллахтан эмнени сураса, Аллах ага сураганын берет. Дубасы кабыл болуучу киши болот. Эгер Аллах менен сактанып, Андан коргоо тилесе, Аллах аны корккон нерсесинен сактап, коргойт.
Андан кийин Аллах Таала айтат: Мен кылган иштеримдин ичинен ыймандуу адамга ырайым кылып анын жанын алганда экиленгендей эч экиленбеймин; анткени ал өлүм учурунда катуу оору болгону үчүн аны жек көрөт, Аллах болсо ыймандуу адамды кыйнаган нерсени жек көрөт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын сөзү жана мааниси Аллахтан, бирок кудсий хадис Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат, аны даарат менен кармоо керек, ал сыяктууну алып келүүгө атаандаштыкка чакыруу, анын муъжизалыгы ж.б.
  2. Аллахтын досторуна ыза берүүдөн тыйып, алардын артыкчылыгын моюнга алып, аларды жакшы көрүүгө үндөө.
  3. Аллахтын душмандарына душман болууга буйруган. Алар менен дос болуу арам.
  4. Ким өзүн Аллахтын досумун деп эсептесе, бирок Анын шариятын аткарбаса, анда ал айтканында жалганчы.
  5. Аллахтын достугуна буйруктарды аткаруу, арамдардан тыйылуу аркылуу гана жетүүгө болот.
  6. Аллахтын сүйүүсүнө ээ болуунун жана дубасы кабыл боло турган адам болуунун себептеринин бири, парз амалдарды аткаруу менен бирге напил амалдарды да аткаруу жана арам иштерден тыйылуу.
  7. Аллахтын досторунун шарапаты улук, даражасы бийик экенине далил.