عن أبي هريرة رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«أَتَدْرُونَ مَا الْغِيبَةُ؟»، قَالُوا: اللهُ وَرَسُولُهُ أَعْلَمُ، قَالَ: «ذِكْرُكَ أَخَاكَ بِمَا يَكْرَهُ»، قِيلَ: أَفَرَأَيْتَ إِنْ كَانَ فِي أَخِي مَا أَقُولُ؟ قَالَ: «إِنْ كَانَ فِيهِ مَا تَقُولُ فَقَدِ اغْتَبْتَهُ، وَإِنْ لَمْ يَكُنْ فِيهِ فَقَدْ بَهَتَّهُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2589]
المزيــد ...
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Гыйбат эмне экенин билесиңерби?” - деди. Алар: «Аллах жана Анын Элчиси жакшы билет» - дешти. Ал айтты: «Бир тууганыңды ал жактырбаган жагын айтууң» - деди. Ага: «Билесиңби, менин бир тууганымда менин айтканым бар болсочу?» - деп айтылганда Пайгамбар: «Эгер айтканың бар болсо, анда сен аны гыйбат кылган болосуң. Эгер болбосо, анда ага жалаа жапкан болосун» - деп айтты.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2589]
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, шариятта тыюу салынган гыйбатты мындайча түшүндүрүп жатат: Мусулмандын артынан анын жаратылышындагы же адеп-ахлагындагы жек көргөн нерсесин айтуу. Мисалы: Кылый, алдамчы, жалганчы жана ушуга окшогон жаман сыпаттарын айтуу, эгер ошол сыпаттары анда бар болсо да.
Ал эми анда ал сыпат жок болсо, анда бул гыйбат кылуудан да жаман. Бул жалаа б.а. адамда жок нерсе менен жалаа жабуу.