عن عبد الله بن مسعود رضي الله عنه قال: سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول:
«إنَّ الرُّقَى والتَمائِمَ والتِّوَلَةَ شِرْكٌ».

Абдулла бин Масуъд (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Рукия, тумарлар жана тивала ширк».

Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган Сунан Абу Дауд - 3883

Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ширк иштерин баяндады. Алар:
Биринчи: Рукия. Бул - Исламга чейинки доордо жашаган элдердин шыпаа табуу үчүн колдонгон ширк аралашкан сөздөрү жана дубалары.
Экинчиси: Мончоктордон жана ушул сыяктуу нерселерден жасалган тумарлар. Муну жаман көздөн сактануу үчүн балдарга, жаныбарларга жана башкаларга тагышат.
Үчүнчүсү: Тивала. Бул - жубайларды бирини экинчисине сүйдүрүү үчүн жасалат.
Бул иштердин баары ширк. Анткени ширк шариятта далилденбеген бир нерсени же тажрыйба менен далилденбеген бир нерсени себеп кылуудан болот. Ал эми Куран окуу сыяктуу шариятта бар себептер же тажрыйба менен далилденген дарылар сыяктуу көзгө көрүнгөн себептерге келсек, пайда менен зыян Аллахтын колунда деген ишеним менен аларды себеп деп эсептесе болот.

Хадистин пайдалары

  1. Тавхидди жана Ислам акыйдасын бузуудан сактоо керек.
  2. Ширк аралашкан рукияны окууга, тумарларды тагууга жана тиваланы колдонууга тыюу салынат.
  3. Адамдын бул үч себепке ишениши – бул кичине ширк. Себеби ал шариятта себеп болбогон нерсени себеп кылды. Ал эми алардын өзүнө пайда жана зыяны бар деп ишенсе, анда бул чоң ширк.
  4. Ширк жана арам себептерди кылуудан сактануу керек.
  5. Ширк аралашкан рукия окуу арам болот. Шариятта келген рукия окуудан башкасынын баары ширк болуп саналат.
  6. Жүрөк бир гана Аллахка байлануусу керек. Анткени бардык зыян жана пайда андан гана болот. Ал Жалгыз, Анын шериги жок. Ошондуктан Аллахтан башка эч ким жакшылык алып келе албайт. Андан башка эч ким жамандыкты кайтара албайт.
  7. Ислам шариятындагы рукия окуу үч шартты камтып алат: 1- Рукия окуу болгону бир себеп. Аллахтын уруксатысыз пайда бербейт деп ишенүү керек. 2- Рукия окуу - бул Куран окуу менен, Аллахтын ысым-сыпаттарын окуу менен, пайгамбар айткан дубаларды окуу менен жана шариятта келген дубаларды окуу менен болушу керек. 3-Рукия түшүнүктүү тилде болушу керек. Рукия дубалары таласим, башкача айтканда түшүнүксүз жазуулар жазылган дуба жана шааваза, башкача айтканда сыйкырдын түрлөрү менен болбошу керек.

Котормолорду көрсөтүү

68 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
FF Fulfulde الفولانية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
BG Български البلغارية
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
EL Ελληνικά اليونانية
AK Akan الأكانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
LN Lingala اللينجالا
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
RN Kirundi الكيروندي
YAO Yao الياو
KMR Kurmancî الكرمنجية