+ -

عَنْ سَهْلُ بْنُ سَعْدٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ يَوْمَ خَيْبَرَ:
«لَأُعْطِيَنَّ هَذِهِ الرَّايَةَ غَدًا رَجُلًا يَفْتَحُ اللَّهُ عَلَى يَدَيْهِ، يُحِبُّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَيُحِبُّهُ اللَّهُ وَرَسُولُهُ»، قَالَ: فَبَاتَ النَّاسُ يَدُوكُونَ لَيْلَتَهُمْ أَيُّهُمْ يُعْطَاهَا، فَلَمَّا أَصْبَحَ النَّاسُ غَدَوْا عَلَى رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كُلُّهُمْ يَرْجُو أَنْ يُعْطَاهَا، فَقَالَ: «أَيْنَ عَلِيُّ بْنُ أَبِي طَالِبٍ؟» فَقِيلَ: هُوَ يَا رَسُولَ اللَّهِ يَشْتَكِي عَيْنَيْهِ، قَالَ: «فَأَرْسِلُوا إِلَيْهِ»، فَأُتِيَ بِهِ فَبَصَقَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي عَيْنَيْهِ وَدَعَا لَهُ، فَبَرَأَ حَتَّى كَأَنْ لَمْ يَكُنْ بِهِ وَجَعٌ، فَأَعْطَاهُ الرَّايَةَ، فَقَالَ عَلِيٌّ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أُقَاتِلُهُمْ حَتَّى يَكُونُوا مِثْلَنَا؟ فَقَالَ: «انْفُذْ عَلَى رِسْلِكَ حَتَّى تَنْزِلَ بِسَاحَتِهِمْ، ثُمَّ ادْعُهُمْ إِلَى الإِسْلاَمِ، وَأَخْبِرْهُمْ بِمَا يَجِبُ عَلَيْهِمْ مِنْ حَقِّ اللَّهِ فِيهِ، فَوَاللَّهِ لَأَنْ يَهْدِيَ اللَّهُ بِكَ رَجُلًا وَاحِدًا، خَيْرٌ لَكَ مِنْ أَنْ يَكُونَ لَكَ حُمْرُ النَّعَمِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 4210]
المزيــد ...

Сахл бин Саъд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Хайбар согушу болгон күнү минтип айткан:
"Бул тууну эртең Аллахтын каалоосу менен жеңишке жете турган адамдын колуна карматам. Ал Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адам. Аллах жана Анын элчиси да аны жакшы көрөт". Бул түнү адамдардын баары тууну кимисине берер экен деп ойлонуп чыгышты. Эртеси таңда баары мага берип калар бекен деген үмүт менен Аллахтын элчисинин жанына чогулушту. Ал: "Али бин Абуталиб кайда жүрөт?" - деп сурады. Анын көзү ооруп калыптыр - деди бирөөлөр. "Аны чакырып келгенге бирөөнү жөнөткүлө" - деди. Алини чакырып келишти эле, пайгамбарыбыз куттуу шилекейин анын көзүнө сүртүп, дуба кылды. Көзү такыр оорубагандай болуп, дароо айыгып калды. Анан анын колуна тууну карматты. Али: О, Аллахтын элчиси, алар биз сыяктуу мусулман болгонго чейин согуша берейинби? - деп сурады. "Алардын чептерине жеткениңден кийин аларга Исламга кирүүсүн сунуш кыл. Эгер кабыл кылышса, аларга тиешелүү Аллахтын акыларын айтып түшүндүр. Аллахка ант берип айтамын, сенин себебиң менен бир адам динге кирсе, бул сага кызыл төөгө ээ болгонуңдан да жакшы" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 4210]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эртең Хайбардагы жөөттөр жеңилерин кабарлап, бул жеңиш ал берген тууну кармаган адамдын кол алдында болорун айтат. Туу - бул, жоокерлер согушта өз эн белгилери катары көтөрүп жүргөн желек. Тууну бере турган кишинин сыпаты мындай: ал Аллахты жана анын элчисин жакшы көрөт. Аллах менен Анын элчиси да аны жакшы көрөт. Мындай улук сый-урматка жетүүгө кызыккан сахабалардын баары түнү менен ал ким болор экен деп сүйлөшүп, самап чыгышат. Эртеси бул улук сыйды үмүт кылып баары Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) жанына келишти.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абуталиб кайда экенин сурады.
Анын көзү ооруп жатканын айтышты.
Аны чакарып келгенге бирөөнү жиберип, ал Алини чакырып келди. Анан шилекейин Алинин көзүнө сүртүп, ага шыпаа тилеп дуба кылды. Анын көзү эзели оорубагандай болуп айыгып калды. Анан ага тууну карматып, душмандын чеп, сепилдерине жеткенге чейин эч кимге зыян тийгизбей барып, аларга жеткенден кийин исламга кирүүнү сунуш кылууну, эгер сунушту кабыл кылышса, алардын моюнуна кандай парздар милдет болорун эскертүү керектигин айтат.
Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге Аллахтын динине чакыруунун артыкчылыгын эскертип, эгер адам бирөөнүн динге кирүүсүнө себепкер болуп калса, араптар үчүн эң баалуу болгон кызгылт төөгө ээ болуудан да же ошондой төөнү садага кылгандан да артык сооптуу иш экенин айтат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Малагасиче Оромочо Каннадача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Мындан Алинин (ага Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгын билебиз. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ал Аллах менен Анын элчисин жакшы көрөрүн, Аллах менен Аллахтын элчиси аны жакшы көрөрүн күбөлүк берип айткан.
  2. Мындан сахабалардын жакшылыкка умтулушканын, жарышканын көрөбүз.
  3. Согушка жөнөгөндө өз адебин сактоо керек, керексиз ызы-чуунун, кыйкырыктын, ышкырыктын зарылдыгы жок.
  4. Жөөттөрдүн жеңилерин алдын ала айтканы жана Алинин көзүн айыктырганы булар пайгамбардын чыныгы пайгамбар экенин билдирген белгилер.
  5. Аллах жолундагы күрөштүн негизги максаты - адамдарды Исламга киргизүү.
  6. Аллахтын динине чакыруу бир баскычтан экинчи баскычка өтүү менен болууга тийиш. Оболу каапырлардан келме айтып динге кирүү талап кылынат. Динге киргенден кийин аларга парздарды аткаруу буйрулат.
  7. Исламга чакыруунун пайдасы зор. Чакырган адам да, чакырылган адам да жакшылыкка жетет. Чакырылган адам туура жолду табат, чакырган адам болсо үлкөн сооп-сыйга жетет.
Дагы...