+ -

«لاَ عَدْوَى وَلاَ طِيَرَةَ، وَلاَ هَامَةَ وَلاَ صَفَرَ، وَفِرَّ مِنَ المَجْذُومِ كَمَا تَفِرُّ مِنَ الأَسَدِ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ау Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ооруунун жугуусу, куш менен төлгө тартуу, үкү конгон үйдө жамандык болот деп ырым кылуу, Сафар айына ырым кылуу, мунун баары жок нерселер. Пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан качкандай качкыла".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) исламга чейинки караңгылык доордогу кээ бир иштерди айтып, андай иштерди кылбоого буйруган. Иштин баары Аллахтын колунда экенин, Анын буйругу жана тагдыры менен гана болорун эскерткен. Ал тыюу салган иштер төмөнкүлөр:
Биринчи: Караңгылык доордо адамдар оору өзүнөн-өзү жугуп жайылат деп ойлошкон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оору Аллахтын каалоосусуз бир адамдан башкаларга жугат деген ишенимден тыйган. Бул жаратылышты Аллах башкарып турат. Ооруну пайда кылган да, аны кайра айыктырган да Аллах. Оору Анын каалоосу жана тагдыр кылуусу менен гана жугат.
Экинчи: караңгылык доордо бирөө сапарга жөнөсө, же соода ишине чыкса, куш учуруп ырым кылган. Эгерде учурган кушу оң тарапка учуп кетсе, жакшы деп эсептеп сапарга чыккан. Эгер анысы сол тарапка учса, жаман деп эсептеп сапарга чыкпай калган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ырымга да тыюу салып, бул туура эмес ишеним экенин айткан.
Үчүнчү: караңгы доордогу адамдар: кайсы үйдүн короосуна үкү келип консо, ошол үйгө жамандык болот деп айтышкан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ырымды да жокко чыгарган.
Төртүнчү: Сафар айындагы ырым-жырымдарга да тыюу салган. Сафар ай санагында Мухаррам айынан кийинки экинчи ай. Сафар - ашказанда жаткан курт, малга, адамдарга оору жугузат, бул котур оорусунан да жаман деген ишенимдери болгон. Мына ушул туура эмес ишенимден тыйган.
Бешинчи: пес оорусу менен ооруган адамдан арстандан оолак болгондой оолак болууга буйруган. Бул өзүнө этият болуу үчүн, Алла буйруган себептерди аткаруу үчүн айтылган буйрук. Пес оорусу адамдын бүт денесин каптай турган оору.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бардык иште Аллахка тобокел кылуу жана Ага таянуу, ошондой эле шариятта буйрулган себептерди аткаруу зарыл.
  2. Аллахтын тагдырына ишенүү важиб. Себептер Аллахтын колунда, Ал аларды ишке ашырат, же таасирин тийгизбейт.
  3. Кээ бир адамдар ишенип аткарып жүргөн кызыл, кара түстөргө, же сандарга, же адамдардын аттарына, же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга байланышкан ырым-жырымдардын баары жараксыз.
  4. Пес же ушул сыяктуу башка ооруларга жакындабагыла деген тыюу - Аллах Тааланын адатта себепкер болуп калуусу мүмкүн болгон себептеринин бири. Себептер өзүнөн-өзү ишке ашпайт. Аллах кааласа, ошол себеп аркылуу эч кандай зыян тийгизбей сактайт. Кааласа, ал себептен эч кандай пайда тийгизбейт, оору жуга берет.